Президент Садыр Жапаров Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлер менен бүгүн, 12-майда жолугушту. Анда мамлекет башчыга камактагы активист, учурда аталган округ боюнча депутаттыкка талапкер Ильгиз Шаменовдин ыйгарым укуктуу өкүлү камалган активисттер тууралуу суроо узатты.
"Коррупцияга айыпталган Тенгиз Бөлтүрүк сыяктуу чиновниктер мамлекетке көп миллиондогон зыян келтиришти. Бирок алар түрмөдөн чыгып жатышат. Ал эми өз пикирин айткан жарандар жарым жылдан ашуун түрмөдө отурат", - деди Шаменовдун өкүлү.
Садыр Жапаров суроого жооп берип жатып Өзбекстан менен чек ара келишими кыргыз тарапка пайдалуу болгонун белгиледи.
"Эгер кеп мамлекет үчүн жүз пайыз пайдалуу чечим болуп жатса, позицияңдан баш тартсаң болбойбу? Позицияңды өзгөрт. Сабаттуу адам биринчи кезекте документтерди иликтеп, архивти карайт. Биз бир сантиметр дагы жерди берген жокпуз. Ондогон талаш жерлер бизге өттү. Биз аларды Кыргызстанга кайтардык. Гавасай, Унгар-Тоону алдык. Унгар - Тоо сеники эмес болчу. Кыргызстандын, Өзбекстандын, СССРдин картасында Унгар-Тоо Өзбекстандын аймагына карайт. Ошондуктан Каримов 2016-жылы ал жерге танктарды алып келип койгон. Эч ким танктарды ал деп айта алган эмес. Биз ушул аймакты кайтардык. Тоо эми биздики. Мурда Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы Өзбекстандын башкаруусунда болгон, а азыр 50-50 менен башкарууга алдык, биздин айылдарды каптап кетпеши үчүн суунун горизонтун аныктадык", - деди Жапаров.
Ал оппозициянын мотиви болсо, аларга кулак салмактыгын билдирди.
"Аларды Бөлтүрүк менен салыштырып жатасыздар. Бөлтүрүк келтирилген зыяндарды төлөп, анан чыкты. А Шаменовдун иши - бул башка кылмыш. Ал акча таратып, блогерлерди тартып, төңкөрүш жасоого аракеттенген. Экөө асман менен жердей башка. Бизде мындай принцип: коррупцияга шектелген министрлер зыянды толукташат дагы эркиндикке чыгышат. Мындан ары ушундай саясат болот, аны башка кылмыштарга салыштыруунун кереги жок", - деди президент.