- Бийлик башында тургандарга каршы кара пиар жүрүп жатат. Айрыкча, ажобуз Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ынтымагын бузууга багытталган ар кандай ушактар көбөйдү. Мунун артында кимдер турушу мүмкүн, атайын жалган маалымат таратуу менен эмне максатты көздөп жатышат?
- Менимче, ушакты бийликке жетпей, кызмат көзүнөн учкандар чыгарып, элдин оюн бөлүүнү максат кылып жатышат. Чынында ушактарда айтылгандай экөөнүн мамилеси бузулган эмес, тескерисинче достугу бекем. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев экөө жаш кезинен эле дос болуп, бир партияда болушту. Экөөнүн досчулугу бекем болгон үчүн Садыр Жапаровдун атасы, апасы, уулу каза болгондо Камчыбек Ташиев топурак салып, досуна көңүл айтып, жамандыкта жанында болду. Садыр Нуркожоевич президент болгондон кийин экөө тең бийликте. Тагыраагы, экөө чоң күч. Садыр Жапаровго Камчыбек Ташиевдин тирөөч болуп, жооптуу кызматты аркалаганын, бири-бири колдогонун туура эле көрөм. Грузиндердин “коркоктун душманы жок” деген макалы бар. Булар күчтүү болгону үчүн душманы көп. Душманы көп болгону үчүн бийликтен кулатуу үчүн ар кандай аракеттерди жасап, кээде чындыкка дал келбеген ушак-айыңды дагы таркатышат. Аларга маани бербей эле коюш керек.