Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 755

- Акылай эже, эл арасында бийликти мактагандар да сындагандар да бар. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев кандай иштеп жатат?

- Экөө тең жакшы иштеп жатат. Ошон үчүн жылдап чогулган көйгөйлүү маселелер акырындык менен жөнгө салынып, чечилип жатат да. Мисалы, Кумтөрдүн Кыргызстанга өткөнү эл үчүн чоң олжо болду. Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы сүйлөшүү жолу менен чечилгени да мактоого арзый турган иш болду. Бирок Кемпир-Абадды берип жибердик дегендер да чыгып, элди дүрбөтүп ар кайсыны айтып жатышат. Чынында чек ара маселеси жер алмашпаса чечилбейт экен да. Ошон үчүн бөйрөктөн шыйрак чыгарбай тынчтык жолу менен чечилгенине тообо кылышыбыз керек. Эми Тажикстан менен чек араны тактап алсак, Кыргызстан ызы-чуусу жок жашап, өндүрүштү өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү менен алек болот эле. 

Негизи Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевде дух бар экен. Духу болгон үчүн чек ара маселесине батыл киришип, чечүүнү колго алып жатышат. Мурунку президенттер кыйын болгондо чек ара маселеси эбак чечилип, чек ара чыры чыкпай, эл жабыркабайт болчу. Азыркыдай кооптуу жагдай жаралмак эмес. Алар жасоого духу жетпеген иштерди ушул эки азамат жасап жатат. Ошон үчүн колдоого алышыбыз керек.

- Коррупция менен күрөш ойдогудай эле жүрүп жатабы же аксап калдыбы?

- Коррупция менен күрөш жакшы эле жүрүп жатат. Элдин эсебинен байыгандардын көпчүлүгү жеп-ичкенин мамлекетке төктү. Коррупция менен күрөш токтоп калган жок,  азыр деле күчүндө. Болгону, мурда коррупция менен күрөш жогорку катмарда болсо, азыр орто катмарга да түшүп, майда чиновниктер да жоопко тартылып, жеп-ичкенин мамлекетке кайтарып баштады. Мамлекетти өнүктүрүү саясаты туура жолго багыт алганы үчүн иш илгерилеп, жасала элек иштер жасалып жатат да. Кыскасы, карапайым эл бийликтин иштеп жатканын көрүп алкап жатышат. Садыр Жапаров бийликке келгени токтоп калган жолдор салынып, бүтпөй турган мектептер бүтүп, бала бакчалар курулууда. Мен тааныган көп адам Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге ден соолук, өмүр тилеп жатышат. Эми бир жакадан баш, бир колдон жең чыгарып, ынтымактуу иштей беришсе, буюрса дагы чиеленген көп маселелерди чечишет.

- Президенттин саясаты ырааттуу жүрүп жатабы же орто жолдо аласалып кетип атабы?

- Ырааттуу эле жүрүп жатат. Ырааттуу болгон үчүн "Тазалыктын" кызматкерлеринин айлыгы 80 миңге чукулдап, мугалим,  врачтардыкы жогорулап, мамлекеттик кызматкерлердин кадыры көтөрүлүп, чек арачылардын айлыгы көбөйдү да. Менимче, пособие, пенсиянын да көбөйгөнүнө көптөр ыраазы. Буюрса, жакынкы жылдары турак-жай маселеси чечилгени жатат. Президенттин максаттары ишке ашса, карапайым эл үй менен камсыз болуп баштайт. Бул да колдоого аларлык жакшы иш. Үйгө жетпей жүргөндөргө үй алууга чоң мүмкүнчүлүк  болот. Кыскасы, мындай жакшы саамалыктар, мактоого арзыган жакшы иштери арбын эле. Элди дүрбөткөндөрдү акылга чакырып, бийликтин иштешине шарт түзүп беришибиз керек.