Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 160

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде коррупциялык кылмыштарга айыпталгандар төккөн каражаттын эмнеге жумшалып жатканын айтып берди. 

Эске салсак, коррупционерлердин мамлекеттен уурдаган акчаны кайра мамлекетке кайтаруусу коомчулукта ар түрдүү кабыл алынып келатат. Айрымдар бул сумма толугу менен казынага түшпөй, жеке чөнтөктөргө кетип жатканын божомолдоп, коомчулукту адаштырууга аракет жасашууда. 

"Эки жарым жылдан бери кимде-ким акча төгүп жаткан болсо, бир тыйыны коробой түздөн-түз республикалык казынага келип түшүп жатат. Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөндүгү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн "ачыкка чыгарбасаңар" деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөндөрүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу кимде ким кызыкса, кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Ачык иштейбиз. Өткөндө айрым кыйкырчаак депутаттар алтын уурдадыңар дегенде, өздөрүнөн турган комиссия түздүрүп, эми өзүңөр текшергиле, баарын ачып берели десек кайра өздөрү качып кетишти. Ошондой эле "кустуризация" маселесине дагы кимде ким кызыкдар болсо, мага расмий түрдө кат менен кайрылышсын. Укук коргоо органдарына айтып, "кусундулардын" баарын көрсөттүрүп берем. Изин кубалап барышса республикалык бюджетке түшкөнүн көрүшөт", - деди Садыр Жапаров.