Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 157

Бийликтин иш-аракетин сынга алган форум болуп өтүптүр. Сөз, ой эркиндиги десе эле оозуна келгенди оттой бермей адатка айланды. Форумда Ормон Шаршенов деген аксакал бүгүнкү абалды 38-жылдардагы репрессиялык мезгилге салыштырыптыр. 38-жылга салыштыруунун өзү түркөйлүк да. Андай мезгилден кудай сактасын! Ал мезгилдин жыты келгидей, эмне, камалгандардын дайын-даректери жок болуп, жакындары, туугандары менен байланыштары үзүлүп калдыбы? Кимдердин каякта, эмне себептен камалгандарын биле албай отурабызбы? Аксакалдык кылып калыс пикирин айтса болмок экен.

Өз оюн айткандардын баары камалып атат дейт. Бул пикир да аша чапкандык. Ошол эле УКМК, прокуратура, милиция сүттөн ак, таптакыр күнөөсү жок адамдарды алып барып камабайт, кылмыш иштери козголбойт. Анткидей жунгли токоюнда жашап аткан жокпуз, мыйзам деген бар, баары мыйзамдын алкагында болот. Азыр ФБ айдыңында отургандардын ар бири өз оюн айткандар, жазгандар. Айрымдары ашкере сындап, чектен чыккандар. Алар кармалып, камалып жатабы? Өз оюн айткандар эле камала бергидей Кыргызстан Түркмөнстан же Түндүк Корея болуп кеткен жок.

Коррупцияга айыпталып, камалгандардан «кустурулган» каражаттарды да сынга алыптыр. Ал акчалар мамбюджетти колдоого жумшалып, пенсия, жөлөкпул, маяналарды көбөйтүүгө, социалдык объекттерди курууга, калктын аярлуу катмарына жардам берүүгө, үйсүздөрдү үйлүү кылууга сарпталып атканы айтылып, жазылууда. Коррупционерлерди «кустуруулардан» канча каражат түшкөнү да ачык айтылууда. Мамлекетке миллиарддаган сомдор кайтарылып атат. Мунун эмнеси жаман? Коррупция менен камалгандар мурдагы бийликтердин учурунда да «кустурулуп», бошотулуп келген. Бирок ал учурда атайын эсепке бир сом да түшүрүлгөн эмес. Оң, сол капчыктарга гана түшүп турган. Аксакал ушул жагын да белгилеп койсо болмок.

УКМК төрагасы К.Ташиевдин атайын кызматтын райондордогу имараттарын курдуруп атканын да сындаптыр. Бул эми «жумурткадан кыр издөөчүлүк». Башкача баалоого мүмкүн эмес. Буга чейин такыр каралбай, эскилиги жетип, мышык ыйлаарлык абалга кептелген имараттардын жаңыланып жатканы – бул биринчи кезекте өлкөнүн, элдин ички, сырткы коопсуздугуна кам көргөндүк. Өлкөбүздүн коопсуздук маселеси бул Бишкек, Чүй аймагы менен эле чектелбейт. УКМКнын аймактардагы бөлүмдөрүнүн шарттары жакшыргандан тартып, алардын иштери да жанданып, натыйжаларды көрсөтүп жаткандарына күбө болуп жатабыз. К. Ташиев ал имараттарды өзү үчүн курдуруп жаткан жок!

Форумда үлбүрөгөн үмүтү пайда болсо, бийликке өзүнүн репертуарундагы реверанстарды арнай баштаган, үмүтү үзүлө түшсө эле сындаганга өткөн Бекболот Талгарбеков да отурат. Эмне жөнүндө сүйлөгөнү белгисиз. Бул кишиге да кыйын болду. Президенттен кызмат сурап, жакшы эле үмүт кылды, бирок максатына жетпей калды. Аргасыздан «айла жок, бирок ай-ляв-ю» дегиң келет.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист