- Бүгүн 24-март элдик революция күнү! Революция күнү деп айтканымдын себеби 15 жыл Акаевдин бийлиги былк этпей бийлеп, 16-жылы үй-бүлөлүк династияга кадам таштаган кезде эл чыдабай үй-бүлөлүк династияга каршы чыккан. Мен да эл катары революцияга активдүү катышкам. Кыргызстанда династияга, бир эле үй-бүлөгө баш ийип таазим кылуу кыргыз эли үчүн жат көрүнүш болгондуктан жалпы элдик революция болгон. Кыргызстан үчүн пайдасы болду, революциядан кийин сырткы карыз кескин түрдө азайган жана мамлекеттик бюджетке акча түшүп, экономикалык жактан өнүгүү жолуна түшө баштаганбыз. Эркиндикти сүйгөн кыргыз эли чыныгы азаттыкка жеткени эң чоң ийгилик деп айтсам болот. Мамлекеттик завод-фабрикаларды сатып, өндүрүш-ишканаларын жең ичинен приватташтырып ач көздүккө берилип кеткен саясий топтун курмандыгы болгондон кутулганыбыздын өзү келечек муундарга сабак болду деп ойлойм. Март революциясынын башка революция - төңкөрүштөрдөн айырмасы - чыныгы элдик болгонунда. Кошумчалап кетчү нерсе революцияны эл кылат, шылуундар күнүн көрөт дегендей, менин жанымда жүргөн шылуундар күнүн көрдү. Ошентсе да революция күнү кут болсун дейм.