Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1236

- Ыргалай эже, Март элдик революциясына бүгүн туура 18 жылдын жүзү болду.  Революция Кыргызстанга  эмне берди? 

- 24-марттагы элдик революция Кыргызстан үчүн өтө көп жакшылыктарды берди. Революциянын күчү менен   15-жыл өлкөбүздү башкарган Акаевди үй - бүлөсү менен эл мамлекеттен кетүүгө аргасыз кылды. Анткени ал 15 жыл ичинде өлкөгө кожоюндук кылып, элди тентитти. Завод, фабриканы талап - тоноп, чет өлкөгө саттырып, бүтүндөй мамлекетти сазга батырды. Ошону  айынан бүгүнкү күнгө чейин  мигранттардын саны азыр деле токтобой жатат. Элге пайдасын тийгизе турган президентти кайра эле трайбалисттер кууп жиберишти. Бакиевдин мезгилинде пенсияга 100 пайыз кошулган. Өлкөдө баалар туруктуу болгон. "Датка -Кемин" ГЭСин Кыргызстан өзү кура баштады. Ошондой эле мектептер өтө көп курулуп, курулуш жанданды. Бул 24-марттагы революциянын жакшы жагы.

Жаман жагы Бакиевден кийинки келген Убактылуу бийлик өтө кара санатайлык менен казынадагы акчаларды эбегейсиз уурдашты. Ош окуясын башташып, анын натыйжасында миңдеген элдердин үй -жайлары өрттөнүп, 500дөй адам каза болду. Кыскасы, революциялардын кесепеттери элге тийген да учурлары болду.