Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 318

Медиаэксперт Нургазы Анаркулов "Азия ньюс" гезитине берген маегинде оппозициялык кыймыл тууралуу пикирин билдирди. 

- Буга чейин бийликке сын-пикир айткандардын жоон тобу камакта отурушат. Суракта, сотто жүргөндөр арбын. Кыргызстанда оппозиция болуунун түйшүгү кыйындадыбы? 

- Мен бул пикирлерге кошула албайм. Оппозиция болуу түйшүгү кыйындаган жок, кайра тескерисинче, жеңилдей түштү. Эгерде кимдир-бирөө сын айтып чыкса, бүгүнкү жетекчилер буга оперативдүү реакция жасап, дароо жообун берип, ошол маселелерди жеринде чечип берип жатат. Мурда кандай эле? Оппозиция өзүнчө эле кыйкырып жүрө берчү, аларга эч ким баш оорутуп, айтканын угуп койчу эмес. Азыркы бийликтин уга билгени чоң жетишкендик.

Ошол эле учурда, 2021-жылы кабыл алынган жаңы Башмыйзамга жараша бийлик бир кишинин колуна өттү. Мурдагы башаламан, жоопкерчиликсиз система жок. Билесиздер да, кырдаал курчуган сайын парламент же өкмөт садагага чабылып кетчү. Азыр жоопкерчиликтин баарын президент жеке өз колуна алды. Эртең бир нерсе болсо, сурай турган адамыбыз бар. Ошондой болуп жаткандан кийин, бийлик дагы эрежедей тартип орнотуп, ишин алдыга жылдырышы шарт. Мурункудай ушак сөздөрдү жайылтып, элди козутууга жол жабылды. Бүгүн камакта олтурган жоон топ саясатчылардын бир тобунун жаман ою дегеле болгон эмес. Аларды саясаттагы карт карышкырлар азгырып, арам оюнга кирип кетишти. Камакта жаткан кээ бир тажрыйбалуу оппозиционерлер өздөрү деле Кемпир-Абад маселесин бетке кармап, өлкөдө башаламандык жаратып, чет жактагы демөөрчүлөрдөн алган акчаларын актоого аракет кылганын моюндарына эртедир-кеч алышаар. Чек ара маселеси чечилиши керек болчу. Кыргыз-тажик чек арасында орун алган кандуу кармашты жеке керт башынан өткөзгөн адамдардан чыныгы бакыт эмнеде экендигин сурап көрсөңүз болот. Элге тынчтыктан өткөн бакыт жок. Эртеңки муунга калтырбай, азыркы бийликтин чек ара маселесин чечүүгө киришкенине ыраазы болушубуз керек. Мындай жоопкерчиликти мурда эч ким алган эмес. 

- Өлкөбүздө батыштан каржыланган ондогон ЖМКлар бар. Саясый аба ырайга таасир эте турган бейөкмөт уюмдардан баш адашат. Негизи сырткы долбоорлор менен иштеген чөйрөдөгү топторго көз карашың кандай? Мамлекетибиздин туруктуулугуна салым кошушабы, же жарга тартышабы?

- Мына ошол маалымат каражаттарын колдоп, акча берип жаткан батыштагы кожоюндары качан Кыргызстанга жакшылык кылды эле? Булардын бир гана максаты бар – кыргыз эли алардын алдында ар дайым чөгөлөп, көзүн карап турушу керек. Бийлик өз алдынча аракет жасап, мамлекеттүүлүктү бекемдей баштаганда эле жапырт чабуул жасашып, төңкөрүш кылууга аракет жасашат. Грузияда “Чет элдик тыңчылар жөнүндө” мыйзам долбоорун АКШнын өзүнүкүнөн көчүрүп, кабыл алышты. Бирок Батыш буга караманча каршы туруп, грузин элин көчөгө чыгарып, артка кайтарууга жетишишти. Өздөрүндө иштеген мыйзам башка мамлекетте иштесе болбойбу? Болбойт, анткени, алар мындай шартта ички ишибизге кийлигише албай калышат. Мен ошондуктан, депутат Надир Нарматова тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун колдойм. НПО, чет элдик маалымат каражаттары бизге ызы-чууну, туруксуздукту гана экспорттоп келе жатат. Улуттук баалуулуктарга каршы келген агымдар менен жаш муунду суугарып келет. Буга кескин каршы турушубуз зарыл.

- Соңку убакта сөз эркиндигине мамлекеттик машина тарабынан “тебелөө”, кысымдар күчөгөнү айтылууда. Текебаев айткандай, Түркмөнстандын жолуна түшпөйбүзбү? 

- “Сөз эркиндиги чектелип жатат”- деген сөздү бүгүн кимдер сүйлөп жатат? Өйдө жакта сөз болгондой, жапырт баары Батыштын акырынан жем жеген журналисттер. Алар ушак жазса, бирөөнүн ар-намысын тебелесе карап туруш керекпи? Эмнеге аларга баары боло бериши керек? Жоопкерчиликтүү бийликти курууну убадалап, Садыр Жапаров башына оор түйшүктү алды. Анда калган баарыбызда да жоопкерчилик болсун да. Мен бул багытта президенттин жасаган ишине ыраазы болуп кетем. Садыр Нургожоевич социалдык тармактарга чыгып жаткан ар кандай пикирлерге өзү жооп берип, элге аралашып жүргөндө: “ушундай да жеңил-желпи президент болобу?”, “Ажо майда-чүйдө маселеге чейин өзү киришип, жооп берип жатат”- деген ойлор көп болду. Бирок, турмуш чындыгы көрсөткөндөй, президенттин элге жакын болгону эң жакшы болуп атат. Мурда өз арманын бийликке кайра-кайра кат жазып жеткизе алчу эмеспиз. Азыр бир пост жазып же видеокайрылуу жасап койсоң болду, дароо реакция болот!

Мурдагыдай эле ким, эмне каалаганын жазып, чыгарып жатат. Азыр ошондуктан, президенттин коомдук кабылдамаларынын кереги деле жок болуп калды. Жада калса, чиновниктер дагы тигил же бул маселени билбей, ажодон сөгүш алып жатышат.