КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун экс-президенттер менен жолугушуусу боюнча комментарий берди. Мындан тышкары, “Регнум” порталында жарыяланган макалага да токтолду.

- Мен мамлекет башчысынын бул демилгесин толугу менен, бардык жагынан колдойм. Садыр Нургожоевичтин бул кадамына тарых өз баасын берет. Себеби, кеп мамлекетибиздин келечеги жөнүндө болуп жатат, биз жалпы бардыгыбыздын биримдигибиз аркылуу өнүгүүгө карай кадам жасап жатабыз. 

Ооба, бүгүнкү күндө кимдер гана бул маселеге кайрылып, көз карашын айткан жок. Бул ар бир жараныбыздын жеке пикири жана укугу. Бирок мен бир гана нерсени баса белгилегим келет – мунун баары кандайдыр бир пиар үчүн же заматта эффект жаратыш үчүн жасалып жаткан жок. Мен муну башынан билген адам катары айтып жатам, бул даанышмандык, айкөл кадам убакыттын өтүшү менен туура бааланарына ишенем.

Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, мен сот органдарынын бул чечимин кубаттайм. Ага ден соолук каалайм, үй-бүлөсү, жакындарынын жанында болсун эми.

Кээ бир адамдар ушунун баарын Камчыбек Ташиев демилгелеп чыкканын айтып чыгышты. Менин Испанияда жерим, үйүм бар экенин, Атамбаев менен биригип, сүйлөшүп алып жатканымды жазып чыгышты. Далил катары Атамбаевдин Испанияга барып дарыланаарын бетке кармашат. Мындай версияны орусиялык “Регнум” порталы да айтып чыкты. Мунун баары, албетте, суу кечпеген нерсе, калп. Менин же бир туугандарымдын Испанияда үйүбүз же кандайдыр бир кыймылсыз мүлкүбүз жок. Деги эле, башка чет мамлекеттин биринде да менин мүлкүм жок, болгон да эмес.

Бул жерде бир гана маалымат туура – менин уулум Испанияда жашайт. Азыр ал 17 жашта. 8 жашынан бери футбол менен жакындан алектенет: Перуджада атактуу “Паоло Росси” футбол академиясында, андан кийин Валенсиядагы “Леванте” клубунун академиясында окуган. Азыр эки жылдан бери “Барселонанын” жаштар командасында ойноп жатат. Уулум профессионал футболчу, жанында апасы менен карындашы жүрөт. Ал 18 жашка толо элек болгондуктан, жанында үй-бүлөсүнөн улуураак адамдар сөзсүз болушу кажет экен, бул команданын талабы. Бул ийгилик дагы жөн келген жок, уулум көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү, жаракат алган учурлар болду – азыркы футбол дүйнөсү ошондой экен.

2018-жылы уулум “Спартак” (Москва) командасынын академиясында да кароодон ийгиликтүү өткөн, бирок клуб кыргыз атуулдугунан баш тартуу талабын койгондуктан, карьерасын ал жактан улантпады. Ошондуктан, Европага кетүүгө аргасыз болдук, андан бери мына беш жылдын жүзү болду. Мен уулумдун аракети текке кетпешине, каякта жүрбөсүн өзүнүн өлкөсү үчүн намыс талашаарына ишенем.

Жалпысынан айтканда, бул тема менен чагымчылдык кылуу – туура эмес. Президенттин алдына койгон максаты – чыныгы даанышмандык, айкөлдүк кадам. Ал өз элинин уулу, элине кызмат кылат, кандай кадамга барбасын  өлкөбүздүн кызыкчылыгын биринчи орунга коет. А кимде-ким ызы-чуу салууну, төңкөрүш кылууну көздөп жатса, “муну менен алектенбей эле койгула” деп кеңеш берет элем.