Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 2713

Кечээ президент Садыр Жапаров нейтралдуу аймакта Кыргызстандын мурдагы президенттери А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаева, А.Атамбаев жана С.Жээнбековдор менен жолугушуп, баарынын башын бириктиргенин жарыялады. Мамлекет башчы бул аракет өлкөнүн ынтымагы жана келечеги үчүн жасалганын белгилеген. 

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков президенттин бул кадамы туура болду деп эсептейт. 

"Кытай кандай өнүккөн өлкө. Алардын дагы тарыхында чыккынчылык, элдин кыжырын кайнаткан көрүнүштөр көп болгон. Бирок алар кекчилдиктен баш тартып, ынтымакка келүүгө күч табышты. Ошон үчүн бүгүнкү күндө дүйнөдөгү өнүккөн, ири державалардын бирине айланды.

Биз дагы өткөндүн чынжырынан арылышыбыз керек. Мурдагы президенттердин кылган жаман жана жакшы иштерин эки гана топ баалай алат:

Биринчи - тарыхчылар. Алардын кесиби ошол - тарых алдында кимдин эмне кылганын жиликтешет.

Экинчи - тергөөчүлөр. Алар кылмыш жасалган болсо, аны иликтеп, чындыгына жетишет.

А калгандарыбыз, карапайым калк, кайсы бир тарапты күнөөлүү деп таап, а кайсы бирин актап, жактагандан алыс болушубуз керек.

Кыргызстандын интеллигенциясын мен ачык эле чирик интеллигенция деп айтам. Анткени, алар жагалданма, бийликте турган кезде башка сөз сүйлөп, бийликтен кеткенден кийин башка пикирди карманышат. Чындык өз убагында айтылганда гана - чындык. А булар бийликтен кеткен адамдын артынан сын айтышып, тергеп-тескешип, "баатыр" болушат. Калыс пикирди иштеп жаткан президентке айтканда туура болот.

Мисалы, мен Акаев менен иштештим. Бакиев бийликке келгенде анын кемчиликтерин ошол убакта айтып турдум. Ал киши бийликтен кеткенден кийин сындабадым, ал тууралуу жаман сөз айтпадым.

Атамбаевдин убагында радикалдуу оппозиционерге айландым. Ал мени 14 жылга соттоп, 3 жылдан ашуун абакта отуруп чыктым. Эки жыл мурда Атамбаевди кечиргенимди жарыяладым дагы, ошону менен анын дарегине ачуу сын айтпадым.

Кыргыз интеллигенциясы мына ушуга үйрөнүшү керек. Мыкты болсо, тайманбас болсо, күчтүү болсо, чынчыл болсо, иштеп жаткан президентке сын айтсын, кемчиликтерин тактап көрсөтсүн. Кеткен президентти сындоо бардык адамдын колунан келет.

"Ырыс алды - ынтымак" делет, президент Садыр Жапаровдун жасаган кадамы ушул терең түшүнүктүн тегерегинде болду. Ошондуктан, бул кадамын кубаттайбыз, жеке мен кубаттайм. Чирик интеллигенция акылына келээр...

Учурда соцтармактарда катуу талкууга алынууда. 90 пайызы президенттин аракетин колдосо, 10 пайызы - мурдагы эле келжиректер кайрадан келжиреп жатышат. Элдин ынтымагы, жердин бүтүндүгү үчүн жасалып жатканына маани беришкен жок.

Эми президент экономиканы көтөрүүгө билек түрүнө киришүүсү керек. Экономика начарлап, абалы мышык ыйлай тургандай болуп калды, кымбатчылык элди каптады. Мындан ары элди ушул кыйынчылыктан сууруп чыгарып кетүүнүн аракетин көрүүгө тийиш", - деди Бекболот Талгарбеков.