Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 64

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жараяны аяктады. Кыргызстан менен Өзбекстан президенттери ратификациялоо грамоталарын алмашышты.

Өлкө башчылары стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, эки коңшу мамлекет чек ара маселелеринде диалогго жана чечимдерди кабыл алууга даяр экенин көрсөткөнүн белгиледи.

"Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем. Урматтуу Шавкат Миромонович, бул маселени чечүүдө сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет. Өзгөчө көңүл бура турган нерсе - ушул мамлекеттик сапардын алкагында келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделет",-деди Жапаров.

Мирзиёев 26-январда эки күндүк мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген. Анын алкагында бизнес форум уюштурулуп, тар жана кең чөйрөдөгү жолугушуулар өттү.