- Эки мамлекет башчыларынын жолугушу, айрыкча Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга келиши жакшы жышаан болду. Өнүгүү үчүн биринчи чек ара чечилиши керек эле, мына, 30 жылга созулган көйгөй чечилип отурат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алкагында өлкөлөр ортосунда 1,5 миллиард долларлык биргелешкен долбоорлорго кол коюлду. Бул тарыхый окуя. Мен жеке өзүм ишкердикте жүргөндүктөн бул жаңылыка сүйүндүм.

Чынында эле, бүгүнкү күндө экономикалык процесстерге жана интеграцияга байланышкан маселелер эки өлкөнүн ишкерлери жана жарандары үчүн өтө маанилүү. Бизнестин тынч жана жемиштүү иштеши үчүн саясий деңгээлде шарттар түзүлүшүн каалар элем. Анткени, Өзбекстан менен эле эмес, башка мамлекеттер менен да тоскоолдуктар болгондо мындан бизнес эле эмес, карапайым жарандар да жапа чегет. Анткени, бизнес - экономиканын флагманы. Ошондуктан маанилүү стратегиялык келишимдерге кол коюудан мурун чек араны чечип алып, анан иш баштап жатканыбыз Президент Садыр Нургожоевичтин туура саясий кадамы деп эсептейм.

Дагы бир маанилүү маселе, бул - эки өлкөнүн ортосунда туристтик карым-катнашты өнүктүрүү боюнча демилге да, эки элдин достук мамилесин бекемдейт. Кудай буюрса Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин бул жолку жолугушуусу өтө жемиштүү болду.