Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 91

"Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча биргелешкен ишибизди улантууну көздөп жатабыз. Акыркы жылдары өз ара соодада оң динамика байкалууда. Ошону менен бирге биз бул жаатта бизде пайдаланылбай жаткан олуттуу потенциал бар экендигин моюнга алышыбыз керек", - деди  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кеңири форматтагы жолугушууда.

"Буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караштырган эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Биздин өлкөлөрдүн Вице-премьер-министрлери баш болгон ыйгарым укуктуу органдар тоо-кен тармагында, өнөр жай кооперациясында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы бир жарым миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча чоң иштер аткарылды.

Биздин өлкөлөр биргелешип ишке ашыра турган долбоорлордун акча суммасы таасир калтырат.

Пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта толугу менен ишке ашат деп ишенем.

Албетте, инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн каржылоо талап кылынат. Бул багытта Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонсок болот.

Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет.

Фонд өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калат деп күтөбүз.

Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыздайт, ошону менен бирге логистикалык чынжырды өнүктүрүү жана башка тармактардын өнүгүү потенциалын ачуу менен эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берет, деп ишенем.

Биз ошондой эле ишкерлер менен өлкөлөрүбүздүн аймактарынын ортосундагы түз бизнес байланыштарды кубаттайбыз.

Бир күн мурун, 26-январда биздин өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун 200дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстан-Өзбекстан” чоң бизнес-форуму өтүп, анда кызматташуу маселелери талкууланып, келечекке чоң милдеттер коюлду.

Ушуга байланыштуу мен Сардор Уктамович менен Акылбек Үсөнбековичтин бул форумга катышканы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Кыргыз Республикасы өзбек ишкерлери үчүн ар дайым ачык жана алардын демилгелерин жана долбоорлорун ар тараптуу колдоого, аларды ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтүүгө жана инвестицияларды коргоого даяр. 

Учурдагы дүйнөлүк тартиптин шарттарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурасын глобалдык транспорттук түйүндөргө жана коридорлорго интеграциялоо үчүн күч-аракеттерди жумшоо өтө маанилүү.

Кыргызстан эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Күн тартибинде өлкөнүн ичиндеги темир жолдорду реконструкциялоо жана трансконтиненталдык магистралдарга жеткирүү маселеси турат.

Муну айтуу менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип куруу боюнча биздин пландарыбыздын актуалдуулугун белгилегим келет.

Региондун өлкөлөрүн бириктирүүчү жаңы транспорттук-коммуникациялык коридорлорду түзүү - биздин мамлекеттердин региондук соода тармактарын деңиз жолдору менен дүйнөлүк соода рынокторуна туташтыруу жагынан мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет", - деди Садыр Жапаров.