«Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем”,- деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, кеңири форматта жолугушуусунда баса белгиледи.

«Кыргызстан боордош Өзбекстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө ар дайым өзгөчө маани берет. Биз үчүн Өзбекстан ынак коңшу, чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш.

Муну салт болуп келгендей өз ара түшүнүшүү жана конструктивизм духунда абдан жылуу, ачык жана достук маанайда өткөн биздин бүгүнкү жолугушуубуз дагы бир жолу далилдейт.

Баарынан мурда бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жогорку, стратегиялык деңгээлде экендигин дагы бир жолу абдан кубануу менен белгилегим келет.

Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз достуктун, бир туугандыктын жана ынак коңшулуктун негизинде эки тараптуу кызматташтыктын бүткүл чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүүнү камсыз кыла турганыбызды так түшүнүп турабыз.

Мамлекеттер аралык мамилелерде маанилүү роль ойногон эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары барган сайын алдыга өнүгүүсүн улантууда.

Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя.

Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк.

Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө Сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет.

Өзгөчө көңүл бура турган нерсе - ушул мамлекеттик визиттин алкагында Келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу менен өз ара мамилелерибизди кызматташтыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине чыгарабыз.

Урматтуу Шавкат Миромонович, үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердеги мааракелик жыл катары өтөт. Тагыраагы келерки айда, 16-февралда биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз.

Мааракелик жылда союздаштык мамилелер жөнүндө Келишимге кол коюу менен мамлекеттер аралык мамилелердин статусун көтөрүүнү жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү маанилүү деп эсептейм.

Тиешелүү документтерди даярдоону эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтерине тапшырууну сунуштайм", - деди Садыр Жапаров.