- Эмнеге бийлик башындагыларды кайраштыргысы келгендер, калп-чынды койгулаштырып, коомчулукту дүрбөткүсү келгендер күч алды?

- Француз философу Пьер Жозеф Прудондун 19-кылымда айткан сөзү бар. “Divide et impera, бөлүп- жарып бийликке кел, бөлүп-жарып  бай бол, бөлсөң оңой алдайсың, бөлсөң аң сезимди сокур кылып  акыйкатты шылдыңдасаң  болот” деп.

Нечен кылымдан бери  бийликтегилерди бөлүп-жарып  бийликке келгендер толтура. Бизде дагы ушул ыкманы колдонуп аткандар жок эмес. Ошон үчүн  Президенти, УКМКнын төрагасын жана  Министрлер Кабинеттин  төрагасын  бири-бирине каршы тукуруп, ортосунан кара мышык аралаткысы келгендер, жалган - чынды койгулаштыргандар күндөн күнгө көбөйө берет.

Эгер бийлик башындагылар каршы тараптын ушундай аракеттерине  алданып калса,  анда алдыга койгон максаттар аткарылбай калат. Биздин  акыркы кездеги тарыхыбызга сереп салсак, мындай окуялар көп ирет болгонуна ынанабыз.