Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кетирүүгө, анын ордуна барууга көз арткан күчтөр топтор бар экени айкын болуп калды. Буга чейин да жалданма жазмерлер аркылуу «Акылбек Жапаров кетсин!» деген маалыматтык кампанияны жүргүзүшкөн эле. Бул ирет дагы салык саясатын бетке кармашып, аны кетирүү аракетин кылышууда. Бирок ал кетсе эле баары жакшы болуп кетеби?
Азырынча өкмөттүн башында А.Жапаровдун турганы оң. Экономиканы мыкты түшүнөт, салык, бюджет саясатын ичтен билет. Анын өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына төп келген кадамдары айрымдарга жакпаганы менен мамлекеттин кызыкчылыгына туура келет. Аны кетирүүнү көздөгөндөр «салыктын жаңы түрлөрүн киргизди» дегенди жазышууда. Бирок эч кандай салыктын жаңы түрү киргизилген жок. Болгону көзөмөл күчөтүлдү, салыкты уурдоого бөгөт коюлду. Анын бардык аракети салыктарды толук өлчөмдө төлөттүрүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен бюджеттин кирешесин арттырууга багытталууда. Андай аракеттердин натыйжасында 2022-жылы бюджеттин кирешеси 63,8 млрд. сомго көбөйдү. Салыктарды жаап-жашырып келгендерге албетте, А. Жапаровдун мындай чечкиндүү аракеттери жакпай атат. Ошондуктан аны кетирүүнү алар да колдоого алып жатышкандары талашсыз.
Акылбек Жапаровдун ушундай иш-аракеттеринин аркасында быйылкы бюджеттин көлөмү 500 млрд. сомду түздү. Мунун баары салыктык кирешелердин өскөнүнөн улам болууда. А.Жапаров кетсе, андан салыкты жашырып келгендер, көмүскө экономиканы гүлдөй беришин каалагандар гана утпаса, эл, мамлекет утулат. Ушуну эстен чыгарбашыбыз керек!