УКМКнын Оштогу тергөөчүсү кармалганы тууралуу маалымат дароо бардык ММКларга жана маалымат агенттиктерине тарап кетти. Эске салсак, 20-январда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөөчүсү 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен прокуратура кызматкерлери тарабынан кармалган. Тергөөчү кылмыш ишин козгоону токтотуу үчүн бир жарандан 20 миң доллар талап кылган.

Айрым журналисттердин, серепчилердин жана псевдо-аналитиктердин дээрлик бардыгын укук коргоо органынын кызматкеринин пара алуу фактысы эмес, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Прокуратуранын ортосундагы тирешүү темасы тууралуу жазышы, туура эмес маалыматтарды таратышы абдан талкууга алынды. Көптөгөн журналисттер ИИМдин спецназдары менен УКМКнын кызматкерлеринин ортосунда болгон мушташууну өзгөчөлөнтүп  жазып,  алар спецназдын жоокерлерин имаратка киргизбей эки тарап урушканын оозунан көбүк чыкканча жазып чыгышты.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин, ИИМ менен УКМКнын урушушун, өлкөдө жалпы араздашуу, башаламандык, олку-солкулук башталышын, жазында мунун баары революцияга  алып келишин Кыргызстанда ою арамдар күтүп жатышат Ал эми биздин жетекчилер ушундайды күтүп,  күмөн санагандардын баарына  мындай болбой турганын ачык айтып коюшту окшойт. Ал эми өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш жана бийлик алмашуу үчүн эч кандай өбөлгөлөр жок. Бирок өзгөчө кызыкдар (көбүнчө жөн гана көз карашы тар) адамдар дагы бул жолу бир нерсени  чыгаруу үчүн ар бир майда-чүйдөсүнө чейин өжөрлүк менен жабышып кала беришет. Буга күмөндүү тыянак кылсак болот: ооба, Ички иштер министрлиги таасир чөйрөсү үчүн УКМК менен атаандашат! Мындайлардын арам оюнда күч органдары өз ара өлүмгө чейин күрөшөт!

Урматтуу  “аналитиктер”  жана комментаторлор  акыл-эс калчап, ой жүгүртүүгө аракет кылдыңыздарбы?

Биринчиден, укук коргоо органдарынын ортосунда кандайдыр бир сергек атаандаштык Ташиевдин келиши менен башталган жок. Ал ар дайым болуп келген жана боло берет, анда табигый эмес, мыйзамсыз жана андан тышкары коркунучтуу эч нерсе жок. Жеңил атаандаштык коопсуздук күчтөрүнө жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берсе, бул нормалдуу көрүнүш. Ал эми бүгүнкү күндөгү эң башкы көйгөйүбүз – УКМКнын башчысы кызматка дайындалган алгачкы күндөн тартып эле коррупцияга аёосуз согуш жарыялаган.

Экинчиден - өзгөчө спецназдын аракетине ыраазы болгондор үчүн жана чекисттердин кичинекей жеңилишине окшоп калгандар үчүн - Башкы прокуратура буга чейин ачык жана так маалымат берген: "Тергөөчүнүн кармалышы тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн. Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин ортосундагы көзөмөл, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын катарларын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча учурдагы макулдашуунун алкагында жүргүзүлгөн». Милициянын операциясы Ташиев үчүн күтүүсүз болгон жок. Атаандаш кесиптештеринин жургузуп жаткан бардык иш-чараларынан кабардар болуп, аларга ар тараптан жардам керсетуп турган. Башкы чекист коррупцияга каршы анын бардык көрүнүштөрүндө жана бардык түзүмдөрүндө, адамдарга, ысымдарына, наамдарына карабастан күрөшүүгө даяр экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Ал эми жалпысынан кийинки коррупционерди ким ачыктап, камап жатканы аны кызыктырбайт. Эң негизгиси бул жамандыкты мүмкүн болушунча тезирээк жок кылуу болду.

Үчүнчүдөн, карышкырларга каршы күрөш бардык багытта жүргүзүлүп, Ички иштер министрлигине да, прокуратурага да тийип жатат. Кадрлардын ротацияланышына, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин акырындап толук алмашуусуна алып келет. Бул чындап эле акыры Кыргызстанда мындай уят көрүнүшкө чекит коюлат деген үмүттү жаратат.

Коррупцияга каршы күрөш - айрым кыргызстандыктардын жалындаган фантазиясында эмес, чындыгында жүрүп жаткан жалгыз согуш.

Булак: vb.kg