Бүгүн Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Президент Садыр Жапаров делегаттар тарабынан көтөрүлгөн маселелер тууралуу пикирин билдирди. 

Биринчи кезекте мамлекет башчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдардын тургундарына курал колдонууга уруксат берүүгө каршы экенин билдирди. Айтымында, курал колдонууга уруксат алгандар ичимдик ичип алышып, бири бири менен атышып кеткен учурлар катталган. 

Ал эми сот тармагында пара алуу дагы да уланып жатканын билээрин белгиледи. "Колунан кармап ала албай жатабыз. Бирок сот тармагындагы коррупцияны жоюунун үстүндө катуу иштөөдөбүз, буйруса аны да ишке ашырабыз", - деди. 

Президент мындан ары тааныш-билиштик менен маселе чечилбей турганын, мыйзам баарынан үстөмдүк кылаарын билдирди. 

Ал эми оң рулдуу автоунааларга уруксат бергиле деген маселени көтөргөн делегаттарга дагы терс жообун айтты. 

"Уруксат бере албайбыз. Республика боюнча жол кырсыктарынын 60-70 пайызы оң рулдуу машиналардан улам чыгып жатат. Жол кырсыгынан жарандар согуштагыдай эле кырылып жатат", - деди. 

Баткендеги Тажикстандын кол салуусунан улам жабыркаган үйлөр эки айдын ичинде бүткөрүлөөрүн белгиледи:

"Азыр үч айылды куруп жатабыз. 700 үйдү эки айда бүткөргүлө деп тапшырма бергем. Калганы жазга чейин бүтөт. Буга чейин мамлекет жабыркагандардын эч бирине үй куруп берген эмес, азыр биз баарын мамлекеттин эсебинен куруп жатабыз. 2015-жылы гана Камчыбек Ташиев тажиктер үйүн өрттөп кеткен апага үй куруп берген".

Ал эми "президентти кошоматчылар тегеректеп алды" деген делегатка жооп иретинде "кошоматчыларды укпай турганын" айтты. 

"Кошоматчыларды уксам Курултай уюштурбайт элем. Ширшовду кабыл алганым чын, андан маалыматтарды алдым. Өзүңдү колдогон активисттерди каматып салдың дейсиңер. Учурунда бекер да, акча алып дагы колдошкон. Жөн жүрбөй чет жактан акча алып келип, согушка катышып, Өзбекстан менен чек араны чечтирбей койгонго аракет кылып, элге бүлүк салууга ниеттенишсе, сот карап отурабы? Биз отуз кишинин кызыкчылыгын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп жатабыз. Кечээ Курултай башталган маалда бир ууч топ сөз эркиндиги деп жөө жүрүш жасашты. Жаштар бейөкмөт уюмдар менен иштешип жатышат. Бейөкмөт уюмдар жаштарды төргө эмес, көргө сүйрөөрүн билиши керек", - деди Садыр Жапаров.