Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 218

- Артур мырза, Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик күчтөрүн коюуну сунуштады. ЖККУда чек араны кайтарып, согушту болтурбоого багытталган күчтөрү барбы?

- Биринчиден,  Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун атайын күчтөрү терроризмге, экстремизмге жана тышкы атайын күчтөргө гана багытталат. Ошондой эле ЖККУ кайсыл мезгилде эмне кылаары боюнча  уставда толугу менен жазылган. Экинчиден, ЖККУнун уставында чек ара кайтара турган күчтөр жок. Үчүнчүдөн, ЖККУ ушундай шартта барып, чек араны кайтарабыз десе, Лейлектен Аксайга чейинки аралык аябагандай чоң. Ал жерге чоң күчтөр керектелет. Айтайын дегеним, алардын чыгымын, тамак-ашын Кыргызстан менен Тажикстан көтөрө  албайт. Ошон үчүн ЖККУнун атайын күчтөрү чек араны кайтарышы мүмкүн эмес.Төртүнчүдөн, чек арага чектеш жайгашкан айыл кыштактарда көчөнүн жарымы кыргыздар, жарымы тажиктер жашаган айылдар бар. Же шахматтык эреже менен кыргыздар менен тажиктер жашаган кыштактар бар. Кыскасы, чек ара өтө чырмалышкан  маселе. Аны ЖККУнун же башка уюмдардын күчтөрү келип чечип бере албайт.

ЖККУ бир гана шартта жардам бериши мүмкүн. Алар ЖККУга кирген мамлекеттер арасында агрессия болуп,  аскердик оор техникаларды колдоно турган болсо, ошол эле Тажикстанга  талиптер менен  терроризм, экстремизм менен күрөшүү үчүн оор учактарды кондура турган болсо, кескин түрдө ордуна коюуга ЖККУну милдетүү кылса, иш башка болот.