Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 222

-  Башка президенттерден стили таптакыр башкача башчы келип калганын андабай жатабыз. Садыр Нургожоевичтен башка бирөө келсе, азыркы олуттуу өзгөрүүгө  туруштук бере албайт. Муну бөркүбүздөй көрүп, колубузда турган кутту  кырсыктырбай сактап калышыбыз зарыл. Ошол эле азыр көчөдө  чаң салып жүргөндөрдүн бир тобу элдик сыноодон  өтүп, Толубай сынчынын аргымактарындай жолдо калган  чобурлар экенин моюндабай турушат.  Улуу нерсе  көрөөргө  комсоо, көтөрөөргө  оор болот.  Садыр Нургожоевичте  Улуу  Жараткандын мээри турат. Бул - жанагы  көчөдө  айгай салгандар кааласа, каалабаса   айтып койо турган  аманат. Оңой эле  кетирип, баса калабыз дегендер  жаңылат. Алардын арам ою билинбей калбайт. Бир күнү  чыныгы жүздөрү  ачылганда  кирээрге жер  таппай калышат.

Азыр эч кандай  акча, байлык  чече албаган жараткандын  керемет  күчү иштей баштады. Ошол улуу энергияларды  сиңире  албагандар, ага жан дүйнөсү  туура келбегендер  чычалап, жанын койорго жер таппай жаткан кези. Алар  азыртан  акылына келип, тообосуна  жанбаса  өз жоруктарынын  отуна  өздөрү  күйүп  кете  турган учур келди. Эс алып, акыл токтотуп көргөндө булар эмнеге ойлонбой  кутуруп жатышат. Айлананы карап, акыл токтоткон адамга өтө  опурталдуу  учурга келдик. Кудайдан да, элдин кусурунан да коркпогон  жүзү каралардын кесепети  элге тийбесе  экен. Ушул  бүткүл жер планетасынын башына келип турган  сыноодон аман-эсен өтүп алсак экен. Тынч күндөрүнүн   кадырына  жетип, ошого  топук кылганды билбеген  кемчонтойлордун жоругу жолдо калсын.

Садыр Нургожоевичти  неге элдик  президент  деп жатабыз? Биринчиден, эл менен элдин арасында болуп жатат. Экинчиден, элдин оозунан чыккан сөздүн  баарына  жооп берип, түшүндүрүүдө. Болбосо, ушуга чейин өз билгенин кылып, өтүгүн төргө  илип, каалаган  чечимдерди чыгарып, эл менен эсептешпейкелген презитенттердин учурунда өзүн өрттөгөн, ачкачылык жарыялап өлгөн  адамдар болбоду беле. Же, аны тез эле унутуп, ушуга чейин  топтолуп калган  ботконун  баарын  тазала  деп омуроолой берсе боло  береби?! Эски жоруктарын карматып, кызмат, байлыгынан ажыраган кузгундар элди удургутуп жаткандары өтө  өкүнүчтүү. Буларга элдин да, жердин да кереги жок.

Ойлонуңуздар, айланайын  улуу журт! Мындай эл бузарлар, элдин тынчтыгын  оюнчукка  айландырган акылсыздарды акылга  чакырган  аксакалдарыбыз, ак элечек апаларыбыз барбы! Жерди кармата берип эле  отуруп кала  турган  жигиттер эмес азыркы бийликте  тургандар деле. Учурунда элдин, жердин  азабын  баарыбыздан  ашыкта  тартып, башын канжыгага  байлап  жүрүп, элди жарык күнгө жеткирем  деген  УЛУУ МАКСАТ  менен келишкен. Сөзүмдүн  акырында, Садыр Нургожоевичке  да да бир ооз кайрылуу  жасагым келип турат.

УРМАТТУУ  САДЫР  НУРГОЖОЕВИЧ!  

Сизде жумуш көп болуп, мамлекеттик  чоң  машинанын  оор жүгүн толук көзөмөлдөй албай жатасыз. Ошондуктан, аткаруу  бийлигин  бир сыйра  жакшылап карап, элге-жерге  күйгөн  чыныгы  мекенчил  уулдардан  кызматка  койбосоңуз, кыл чайнашкан учурларда  алсыздыгын  көргөзүп, эл алдында  эмне деп жооп берээрин  билбеген  командаңыз сизди уят кылып  жатат. Азыр караңгыдан  көз, капилеттен сөз  тапкан көсөм, көзүндө  отур бар, көкүрөгүндө  духу бар  чыныгы  мекенчилдер  келе  турган учур келди. Кудайым жар болсун! Жаратканым жакшылыгын  жалгасын! Мен жана  мага окшогон ушуга чейин  жакшылыкты  саргара  жортуп күтүп келген  элиңиз сизге  ишенет. Артыңызда  улуу  ишеним, алдыңызда  ак жол турат. Бар болуңуз!