Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 424

Президент Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммитине баруудан баш тартып туура кылдыбы? Бул боюнча журналист - аналитик Мирлан Дүйшенбаев пикирин билдирди. 

- Президент Садыр Жапаров В.Путиндин тоюна барса кандай болот деп сарсанаа, кыжаалат болуп аттым эле. Президент барбай турган болуптур. Эң туура чечим, эң туура позиция. Президенттин мындай чечими кубандырды. Чындап келгенде В.Путин азыр 70 жылдыгын белгилей турган абалда эмес, Украинага кол салып алып, эми айласын таппай жатат. Туулган куну шылтоо эле болбосо, президенттерди Кремлге чакырып, аларды ЖККУнун алкагында Украинага каршы согушка тартууну, колдоого алууну сүйлөшмөк. Бирок бул ЖККУнун Уставына каршы келет. Бул биринчиден.

Экинчиден, кыргыз президенти Кыргызстанга куралдуу кол салып, согушту баштаган Э.Рахмонго "аймакта тынчтыкты камсыз кылууга кошкон салымы үчүн" деп орден ыйгарган В.Путиндин жалпы кыргыз элин шылдыңдап, мазактаган кадамына кесе жооп берди. Путиндин андай кадамынан кийин аны менен бир столдо отуруп, ага ден-соолук, ийгилик каалап аткандын өзү экинчи жолу кыргыз элин шылдыңдагандык, Рахмон менен Путиндин алдында чөгөлөгөндүк болмок.

Мамлекет башчы мындай кадамы, позициясы менен Кыргызстандын, кыргыз элинин намысын коргоду.