Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 146

Россиянын  президенти В. Путиндин Украинага каршы согушка катышуу үчүн аскерге милдеттүүлөрдү мобилизациялоо боюнча Жарлыгынан кийин жүз миңдеген орус жарандары Россиядан сыртка чыгып кетишүүдө. Ушундай абалдан улам Россиянын экономикасы 6 млн. эркек жарандарды жоготуп, мындай абал өлкөнүн экономикалык-социалдык абалына терс таасирин тийгизерин экономист Владислав Иноземцев билдирди.

Экономисттин айтымында, учурда 300 миңден ашык жаран  Россиядан чыгып кетти. Алдыда 1,5 млн. адам чыгып кетери күтүлүүдө. Мындан сырткары, ар бир мобилизациялоого туш келген жарандарга  ар кандай жолдор менен жашынып, жумуштарына барбай коюучу  3-4 адам туура келиши ыктымал. Мындай кырдаал  сөзсүз түрдө жумуш процесстеринин жүрүшүнө кедергисин тийгизип, ал жалпы экономикалык абалга терс  таасир этпей койбойт.

Ошол эле мезгилде Россияда  жумуш орундары бошоп, вакансиялардын саны кескин көбөйөрү да күтүлүүдө. Бул ал жактагы жүз миңдеген эмгек  мигранттар үчүн жакшы жагдай. Адистиги, билими бар мигранттарга  маяналары жогору, шарттары жакшы жумуш орундарына орношууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр ачылганы турат.