Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 429

Кино продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек     

- Өмүрзак Жолдош уулу, “Манастын уулу Семетей” тасмаңыз ызы-чууларга карабай коомчулукка тартууланып, ал түгүл чет өлкөлөрдө  көрсөтүлүп атканы жар салынууда. Кайсы өлкөлөр менен кызматташып атасыздар?

- Турция, Россия, Кытай, Иран, Түштүк Корея, Испания, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан киночулары менен кызматташуудабыз. Тасмабыз буга дейре орус, түрк, англис, кытай тилдерине которулса, эми корей, испан, иран тилдерине которулуп атат. Аталган өлкөлөрдүн интернет платформалары жана телеканалдары менен иштешүүдөбүз.

Абакан шаарында кинобуз көрсөтүлүп, ага катышкан Хакасия жетекчилигинин өкүлдөрү “Манастын уулу Семетейди” хакас тилине которуп, өз өлкөлөрүндө кеңири көрсөтүү уюштурууга ниеттенгендиктерин билдиришти. Ушундай эле көрсөтүү Кызыл шаарында да ийгиликтүүөттү. Эми Красноярск, Екатеринбург, Казань, Уфа өңдүү Россиянын бир катар ири шаарларында уюштурулмакчы.

- Жакында тасмаңыздарды көрүү үчүн Бишкек шаарынын лицейлеринин окуучулары, институттарынын студенттери өз демилгелери менен уюшуп кинотеатрларга бара баштаганын билдирдиңиз эле. Бул саамалык улануудабы?

- “Манастын уулу Семетей” улуу “Манас” үчилтигибиз негизинде тартылган алгачкы саамалык – тасма. Эпос каармандары менен мектеп, лицей, колледж окуучулары, жогоку окуу жйлардын студенттери тереңдеп таанышканы арийне, ийги көрүнүш. Биздин киришуубузсүз эле айрым лецейлер менен институттардын окутуучуларынын демилгелери менен окуучулардын, студенттердин кино театрларга уюшуп бара баштаганы кубанычтуу. Республикабыздын көптөгөн мектептери менен окуу жайларынын билим алуучулары кинотеатрларга барышмакчы, айрымдары менен өз окуу жайларында кино көрсөтүүнү уюштурууну макулдашуудабыз.

- “Манастын уулу Семетей” элди, ириде жаш муундарды патриоттуулукка, Мекенди сүйүүгө, коргоого чакырган тасма болгону  белгиленүүдө. Кино эл тарабынан талкууланып аткан чакта Баткен коогалаңы чыгып, анын актуалдуулугу ого бетер күчөдү. Саясий темада тасмаларды тартып жүргөн жарандык активдүүлүгү жогору инсан катары коомдо болуп аткан курч окуяларга кайдыгер карабасаңыз керек. Баткендеги чек ара когалаңы бүтүп, эми посттордун алынышы боюнча бийликти, өзгөчө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди күнөөлөп атышканына эмне демекчисиз?

- Баткендеги чек ара маселесин терең билбегенден кийин ага обьективдүү баа берүү кыйын. Жоокерлерибиздин окко учканы кейиштүү. Чыр-чатак токтошун тилейли. Ал эми Баткен коогасына байлап бийликти ар кимдердин эле, өзгөчө оппозициянын чуулдап күнөөлөөсү менимче, орунсуз. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди коомчулук, анын ичинде баарыбыз көптөн бери жакшы билебиз. Экөө тең эл, мамлекет үчүн жалбырттап күйгөн патриот инсандар. Бул күчтүү тандемди көрө албагандар ар кандай ушак-айыңдарды чыгарып, элди дүрбөтүшүүдө. Баткен коогалаңынын алдында “Ташиев тымызын Жапаровдон бийликти тартып алуу үчүн күрөшүп атыптыр” деген сөз чыккан. Баткен чырынан улам ал унутула түштү эле, эми Жапаровду алсыратуу үчүн Ташиевди кызматтан четтетүү аракети башталгансыды. Менимче, Жапаров менен Ташиев чек ара боюнча Кыргызстанга кыянаттык кылуучу ишмерлер эмес. Аларга көпчүлүк биле бербеген сырлар белгилүү, ошондуктан туура, мамлекет кызыкчылыгына ылайык чечимдерге барышкан деп ишенем. Эл ичинде, айрыкча, жогорку элита арасында эмне деген гана кептер жүрбөйт. Ал түгүл, “Акылбек Жапаров акырындап Садыр Жапаровдон бийлик талашмакчы” деген да айыңдар каңгууда. Менимче, Садыр Жапаров күчтүү саясатчы, эл үчүн кара жанын карч уруп, зор жумуштарды жасап атат, Ташиев досу ага чоң арка-жөлөк, бел. Ал эми Акылбек Жапаров тууралуу пикирлер  ойку-кайкы...

- Президент Жапаровдун жанындагы эң жакын, эң көрүнүктүү жетекчилердин андан бийлик талашаарына ишенесизби?

- Ооба, “Президент жана бомж-1-2-3”, “Төңкөрүш”, эми “Манастын уулу Семетей” баш болгон бийлик, так талаш тууралуу тасмаларды жараттык. Башкаруу тизгинин талаш атамзамандан катуу жүрүп келгени жана жүрө берээрлиги маалым. Ар ким, өзгөчө, бийликтин экинчи, үчүнчү баскычына көтөрүлгөн жетекчи биринчи болууга куштарланат. Бул Камчыбек Ташиев менен Акылбек Жапаровго гана таандык ышкы эмес. Бирок кеп ал каалоо-тилекке ким кандай, мыйзамдуу, ашыкпай умтулат – түйүн ушунда. Биздин баамда Ташиевде бийлик жетиштүү. Бийлик иэрархиясы боюнча алганда кызмат даражасы президент, өкмөт башчы, спикер, жогорку сот төрагасы, президенттик администрация башчысы өңдүү жетекчилерден кийин турганына карабай Ташиев азыр мамлекет башчыдан кийинки эле – экинчи таасирдүү лидер. Баш бийликке ашыгуу анын өзүнө да, мамлекетке да жакшылык алып келбесин Камчыбек Кыдыршаевич таасын түшүнсө керек. Эл эми Акылбек Үсөнбековичте эл ишенээр, көпчүлүк жабыла  колдоого алаар аброй жетишсиз...