Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчиси К.Ташиев менен Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчиси С.Ятимов экөөсү сүйлөшүп, чек аралардагы 4 көзөмөл өткөргүч бекетти алып салуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Алар: Тамдык-Бедак, Булак-Башы-Кех, Катта-Туз-Кара-Чикхим, Дача-Шаршен бекеттери. Бул - эми мындан ары ал жерлер аркылуу эч нерсе өткөрүлбөйт, жабылат, тикендүү зымдар тартылган участоктордой кол тийгис болуп кайтарылат дегенди билдирет. Бут тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев: “Заставалар алынган менен чек арада бир метр ары же бери жылган жок, жылбайт дагы. 24 саат бою көзөмөлдө турат. Азыр 21-кылым. Технологиянын заманы. Спутниктен, учкучсуз учуучу аппараттан, дрондордон көрүп турабыз. Мындан тышкары, аскерлерибиз, жергиликтүү элибиз өз көздөрү менен көрүп турат. Жергиликтүү эл ар бир сантиметр жерди билет”, - деп айтты.
УКМК төрагасы белгилегендей, эки өлкөнүн заставаларынын жакын жайгашуусу кагылышуулардын жаралышына, ар кандай түшүнбөстүктөргө, чыр-чатактарга себепчи болуп келген. Демек, өткөргүчтөр 4кө кыскарса, потенциалдуу жаңжалдар да ошончого азаят. Бул өңүттөн алганда, ал чечимди эки тараптын саясий аскердик риторикаларды азайтып, чек ара маселелерин цивилдүү жолдор менен сүйлөшүүлөр, эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алган компромисстер менен чечүүгө жасалган алгачкы кадам болуп саналат десе болот.
14-17-сентябрдагы куралдуу кагылышууларда Кыргызстан тарап адамдык, материалдык чоң жоготууларга учурады. 62 адам өлдү, 200гө жакыны жарадар болду. Алгачкы эсептөөлөр боюнча экономикабызга 1,5 миллиард сомго жакын зыян келтирилди. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы М.Иманкулов тажик тараптан 250 адам өлүп, жарадарлары андан да көп болуп, оор техникаларынан 50гө жакыны талкаланганын билдирди. Бирок, иш жүзүндө алардын жоготуулары андант да көп экенин Тажикстандын соцтармактарынан билип атабыз. А расмий Тажиткстандын ТИМи 41 адам өлгөнүн билдирсе, көз карандысыз маалымат булактары 63 адам өлгөнүн жазышты. Үйлөр, коомдук жайлар жөнүндө ооз ачышпады.
Эң кейиштүусү, өткөн жылы кандуу окуялар болгон жерлерде андай каргашалар быйыл да кайталанды. Айрым үй-бүлөлөр былтыр курман болгондорунун жылдыгын өткөрө электе, дагы жакындарынан айрылышканы эң оор трагедия. Мындай көрүнүштөр токтотулбаса, ал жерлерде жашагандар үйлөрүн чыккан бааларына сатып, массалык түрдө кете башташат. Дайыма согуш коркунучундагы жерлерге эч кимдин жашагысы келбейт. Өзүбүз кыйналсак да балдарыбыз тынч жашай турган жерди табалы дешет.
Телеге, интернетке чыккандардан өрттөлүп, кыйратылгандардын көбү былтыр эле жаңы курулган үйлөр, мектептер, социалдык жайлар экени көрүнүп турду. Аларды тургузганга мамлекет өткөн жылы эле миллиарддаган каражаттарды сарптаган. Жыл айлана электе алар кайра кыйратылды, кайра тургузганга мамлекет дагы жүздөгөн миллиондорду бөлүп, эл да жардамга 200 миллион сомдон ашык акча, көптөгөн суммаларга барабар азык-түлүктөрдү, кийим-кечелерди чогултуп берди. Эми быйыл кайра тургузулгандар кийинки жылы кайра кыйратылбайбы? Кептин баары ушунда. Эгерде келерки жылы кандуу кагылышуунун кайталанбасына кепилдик болбосо, аларды ордуларына кайра тургузгандан көрө, ал участоктордон алысыраактан, же башка аймактан коопсуз жер таап, ошол жерлерге курган оң эмес беле? Ал жерлер кароосуз калтырылыш керек деген эч ким жок, көздүн карегиндей корголуусу зарыл, бирок масштабдуу курулуштар ал жерлердеги чек аралар делимитицияланып, демаркациялангандан кийин гана ишке ашырылганы туура болмок беле дегенди айткыбыз келет.
Кандуу кагылышуу, атүгүл согуш болбосун ага сүйлөшүүлөр аркылуу гана чекит коюлат. Тажиктердин 1992-1996-жылдардагы жарандык согушу Кыргызстан ортомчу болуп, Бишкекте кол коюлгандан кийин токтогон. Ал тууралуу Аскар Акаев “биздин жакшылыкты тез эле эсиңерден чыгардыңар” деген өңүттө туура жазды. 2004-жылы Аскар Акаев Дүйшөмбүгө мамлекеттик иш сапар менен барганда Эмомали Рахмон “бизди айрымдар канча ирет кайраштырып, чатакташтыргысы келди эле, бирок биз ага барбадык” деп ачык айткан. Бирок, бул жолку кагылышууларга кимдер, кандай жагдайлар себеп болду, анын ачыгына чыгуу керек.
14-17-сентябрдагы кагылышуулардан кийин эки тараптан тең жаалдуу риторикалар аз болбоду. Аларды көбөйтө берсе, эки өлкөнүн тирешүүсү да артып, кайра кагылышуу коркунучу да көбөйө берет. Андай балээнин бизге да, тажиктерге да кереги жок. Ошондуктан жетекчилерибиз чыныгы мамлекеттик акыл-эстерин, жоопкерчиликтерин көрсөтүп, баардык дипломатиялык, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрүн чек араларды тезирээк делимитацялап, демаркациялоого гана жумшоолору керек. Бул максатта ортомчулардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу да ашыкча болбойт.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити