Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 113

Көз карандысыздыктан берки 31 жылдын ичинде Кыргызстанда быйыл экинчи ирет экономикалык динамикалуу  өсүш башталды. Биринчи өсүү 2009-жылы жана 2010-жылдын 1-кварталында болгон. Ал жылдын 1-кварталы 16,4 пайыздык өсүш менен жыйынтыкталганда “временшиктердин” штабындагылар тополоң түшүп, Ө.Текебаев “Кыргызстан мындай өнүгүп кетсе, эл бизди таптакыр колдобой коёт, төңкөрүштү тездетишибиз керек” дегени бир нече ирет ЖМКларга чыккан. Ал өсүшкө 2010-жылдын 7-апрелинде биротоло чекит коюлган. Эл душмандары андай жакшылыкты элге ыраа көрүшкөн эмес.

Буйруса, эл аралык кырдаалдын татаалдыгына, пандемиянын кесепеттери толук жоюла электигине карабастан быйылкы жыл ийгиликтүү жылдардан болгону турат. Ага мисал катары өткөн жылга салыштырганда бюджеттик жыйымдын эки эсеге көбөйгөнү жатканын, бир катар категориялардагы кызматкерлердин эмгек акыларын эселеп көбөйтүлгөнүн, 1-октябрдан пенсиялардын 1700-3400 сомдон көбөйтүлгөнү жатканын көрсөтүүгө болот. Мурда пенсияларга 300-400 сомдон гана кошулуп келсе, быйыл андан 5-10 эсеге жакын кошулганы жатканы чоң ийгилик болуп саналат. Ал эми Өкмөт башчысынын орун басары Камчыбек Ташиев бюджеттин көлөмү жакынкы 3-4 жылда 1 триллион сомго жеткирилерин маалымдады. Биз ага “кудайдын кулагы сүйүнсүн, Баатырдын айтканы келсин”- ганадейбиз. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу улантылууда. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун техникалык экономикалык негиздемелери даярдалууда. Социалдык түйүндөрдү, турак жай куруу иштери кескин жанданууда. Бир сөз менен айтканда, азыркы Өкмөт негизинен жакшы иштеп жатат. Бирок, мындай ийгиликтер элди кубандырса, бийликти гана эңсеген бир ууч саясатчылардын биротоло тынчтарын алып, түн уйкуларын качырып, кандай жол менен болбосун бул бийликти бутка тээп, экономиканы артка кетирсек дегенде эки көздөрү төрт болуп жатканы да эч кимге жашыруун эмес. Алардын: “элге, мамлекетке канчалык жаман болсо, бизге ошончолук жакшы”,- деген бир гана максаттары бар. Анткени, алар биз менен сиздерге окшоп айлык же пенсия менен жашабайт, бекитилген акча-мүлктөрү өздөрүнө гана эмес, балдарына да жетет. Анын үстүнө айрымдары өңкөрүш-төңкөрүш аркылуу бизнес жасап, байыганга кынык алып алышкан. Күч менен бийлик алмаштырганды алар башкалардын кандары акса да, өздөрүн  чоң кирешелерге ээ кылган бизнес катары гана түшүнүшөт. “Үйрөнгөн адат калабы...” дегендей, алардын андай адаттарын калтыруу кыйын, баштары менен бирге жатат десе да болот. Бирок, биз бир ууч кутумдар каалагандай калчап, жон терилерибизден кайыш тиле бергидей малбызбы?

Алмаз Атамбаевдин Бишкек жылуулук  борборун оңдоп-түзөөдө табакташтары менен бирге 110 миллион долларды солоп жибергени, Кой-Ташта бир подполковникти атып өлтүргөнү, дагы көптөгөн криминалдарга аралашканы эбак аныкталган. Ал мыйзамды да, сотту да тааныбайт, ал өзүнүн айтканын  гана мыйзам деп эсептеген, эң эле жумшак айтканда, элден өзгөчөлөнгөн түшүнүксүз адам. Азыр айрымдардын анын айланасына чогулуп, анын акчасын пайдаланып дагы бир кутумдук уюштурууга аракет кыла баштагандары азыр ачык эле байкала баштады. Эски досу, бир убакта Жалал-Абадда мас болуп алып шымына чейин чычканын жазып, акыркы жылдарда аны менен саламдашпай калган Азимбек Бекназаров аны “кыргыздын чыныгы баатыры” деп  жарыялады. Кудай сактай көр, жазыксыз адамды адам атып өлтүрүп, шымына чычкан баатыр болсо, анда колония, СИЗОлордо жаткандарды кимге теңеш керек? Бул жерден алабарман агабыз катуу жаңылышты. Азыр “Кумтөр” маселеси кайрадан көтөрүлүүдө, алтындар жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып жатат. Бекназаров лексикабызга ПКАСС дегенди киргизди. Айтылгандар -  айтыла, жазылгандар - жазыла берсин, шектүү жагдайлар болсо, комиссия түзүлүп текшерилсин, анын элге өзгөчө ысык-суугу деле жок, “ачка отургандан көрө, айранга көбүргөн туурап жеген жакшы”- дегендей, демократиялык имидж үчүн болсо да андай өйдө-төмөн сөздөр керек. Бирок, чектен чыкпоосу зарыл, бийлик аларга чыдаса да эч качан күч менен башкарууну алмаштыруу аракетине жол бербеши керек. Андай аракеттердин шеги байкалары замат анын анабашчылары токтоосуз тийиштүү  жайларга киргизилүүсү  зарыл! Антпесе Кыргызстан дагы он жылдык кургуйга кулайт, андан чыгуусу абдан эле кыйын болуп калат.  

 

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити