Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси Азимбек Бекназаровдун жакында эле "президент Садыр Жапаров аны Сокенин сүргүнүнөн алып келди" деп айткан сөзү эмоционалдуу жана куру сөз болуп чыкты. “Революциянын бульдозери” Кыргызстандагы оппозициялык саясий коомчулуктун аброюна толук шек келтирди. Анын билдирүүсү Кыргызстанда учурда азыркы бийликтен тышкары кандайдыр бир жетишкендиктерге жөндөмдүү конкреттүү күчтөр жок экенин көрсөттү.
Өмүрбек Суваналиевдин болбогон нерселерди мисал кылган билдирүүлөрү бул пикирди дагы бекемдеди. Ушундай чабал фигуралар кыргыз оппозициясынын атынан сүйлөп жатса, демек, өлкө жетекчилигине каршы чыккандардын арасында авторитеттүү саясатчылар жок экенин моюнга алуу керек. Белгилүү оппозиционерлердин кээ бирлери учурда көмүскө иштерге киришсе, айрымдары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат. Алмазбек Атамбаев акыркы убакта абактан эч кандай билдирүү жөнөтө элек, Өмүрбек Бабановдун тирүү экени белгисиз, Кыргызстанда жок сыяктуу, эбегейсиз каржылык ресурстары бар Райымбек Матраимов меценаттыкка өттү. Өмүрбек Текебаев Германияда дипломатиялык кызматта жүрөт, ал эми Роза Отунбаева Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу менен алек.
Демек, салтка айланып калгандай, кандайдыр бир күзгү башаламандык пландалып жаткан болсо, ал элдик революция эмес, мамлекеттик төңкөрүш болот. Өлкөдө орундуу элдик нааразычылык жана олуттуу оппозициялык саясатчылар жок.
Бүгүнкү күндө оппозиционерлердин ролун жамааттык Батыш каржылаган айрым маалымат каражаттары, медиа долбоорлор жана журналисттер өз мойнуна алышты. Алар өтө эле аша чаап, ошону менен элдин кыжырын келтирип жатышат – республикада бийликти күч менен алмаштырууну коштогон кандуу окуялардын эч кимге кереги жок. Кыргызстандыктар мындай кайра түзүүлөр дайыма эле өлкөнүн реалдуу кызыкчылыктарына туура келбей, жакшы жакка өзгөрүүгө өбөлгө түзө бербестигин ачуу тажрыйбадан бир нече жолу түшүнүшкөн.
Ошол эле учурда эл бүгүн президент менен биримдикте экени көрүнүп турат. Мисалы, президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында пландан тышкары жол боюнча токтоп, аны күтүп турган жергиликтүү эл менен баарлашкан. Шайлоодон кийин дароо эл алдына чыгуудан коркпогон өлкө башчысы азыр деле бүгүн мурдагыдай эле шайлоочулары менен түз баарлашууга даяр.
Ал ортодо бюрократиялык чөйрөдө элитанын азыркы бийликке чыккынчылык кылууга даярдыгын көрсөткөн окуялар болуп жатат. Садыр Жапаров өлкөнү кыдырып жүргөндө министрликтер менен мекемелерде ички чыр чатактар башталды. Тактап айтканда, энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин (азыр кызматынан убактылуу четтетилген) башкы прокурор Курманкул Зулушев менен болгон жаңжалы соцтармактарга чыкты.
Аткаминерлердин ортосундагы чырдын чыгышына Бекмурзаевге Башкы прокуратура тарабынан козголгон эки кылмыш иши себеп болгон. Алардын бири - 2021-2022-жылдары энергетика министри ведомствонун тиешелүү тармактын адиси болбогон кызматкерлерин бюджеттик акча менен чет өлкөгө командировкага жөнөткөн экен. Мындан тышкары, көзөмөл органы Доскул Бекмурзаев «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодон өткөрүүдө жеке компанияга 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп эсептеген.
Доскул Бекмурзаев тергөөнүн тыянагын күтпөстөн, коргонуу маалымат кампаниясын баштаган. Ошентип, ал жогорку кызматтагы адамдардын жүрүм-турумунун бардык этикалык жана кесиптик стандарттарын бузган. Ал козголгон кылмыш иштерин "ыплас ыкмалар менен өзүнүн жакшы атын жаманатты кылуу аракети" деп атап, Зулушевди эсептегичтерди саткысы келген деп айыптады. Бул демарштан кийин башкы энергетик ооруп, ден соолугун чыңдоо үчүн ооруканага кайрылган.
Жалпысынан Бекмурзаевдин психологиялык абалын түшүнсө болот. Ал Кыргыз Республикасында күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө жооптуу адам. Ал эми бул суунун аздыгы, көмүр маселесин былтыр президент өзү чечкен.
Энергетика министри жумуш жагынан кыйын күндөрдү башынан кечирип жатканы көрүнүп турат. Кылмыш иши болбогон учурда да. Анын үстүнө өткөн жыл көрсөткөндөй, энергетика тармагындагы жетекчилердин креслолору эң туруксуз – канча деген чиновник алмашты!
Курманкул Зулушев да өзүнүн көз карашы боюнча туура айтат. Ал Башкы прокуратуранын жетекчиси катары бардык мамлекеттик структураларда мыйзамдуулуктун сакталышына жооп берип, бүгүнкү күндө жөн гана өз ишин аткарып жатат. Анын үстүнө Бекмурзаевден айырмаланып, башкы прокурор коомдогу талаш тартышты чечпейт.
Мамлекеттик түзүлүштөгү туруксуздуктун мындай кичинекей, бирок көрүнүктүү элементтери чиновниктердин армиясын тынчсыздандырары талашсыз. Аткаминерлердин катарында деструктивдүү идеялар бышып жетиле баштайт, алар бийликтин жаңы алмашышын күтүү менен ишин токтотот – орто звенодогу мамлекеттик менеджерлердин мүнөзү ушундай. Баса, Теңиз Бөлтүрүктүн камалышы отко май тамызды. Кумтөрдү мамлекеттин менчигине кайтаруу үчүн күрөштүн каарманы болгон адамдын кармалышы өтө чоң жана оор кылмыш ишине шектүү болуп калды. Мындан кем эмес кооптонууну аткаминерлерге борбордогу Свердлов районунун акиминин орун басары, “революциянын бульдозеринин” уулу Руслан Бекназаровдун камалышы жаратты деп ойлойм. Бул ар кандай деңгээлдеги аткаминерлерди ого бетер тынчсыздандырганы түшүнүктүү, анткени «биздикилерге» же «аларга» таандык болуу, ошондой эле туугандык байланыштар эч нерсени чечпей турганы, ар бир адам кылган ишине мыйзам чегинде жооп берээри белгилүү болуп калды.
Мамлекеттик аппараттагы мына ушундай башаламандык жана олку-солкулук Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кезектеги курчушунун фонунда болуп жатканы кейиштүү. Башкача айтканда, бардык деңгээлдеги биримдик жана ички туруктуулук бүткүл республика үчүн өтө маанилүү болуп турган учурда. Кырдаал ушул эле деңгээлдеги чыңалуу менен улана берсе, анда президент аскердик абалды киргизип, өлкөнү кол менен башкарууга өткөрүп бериши мүмкүн. Негизи, бардык геосаясий факторлорду – Орусия менен Батыштын ортосундагы согушту, Кавказ республикаларындагы басымды жана Борбор Азия чөлкөмүнүн бул чоң оюндардын алсыздыгын эске алганда - бул фантастикалык сценарий эмес.
Булак: vb.kg