Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 160

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Улуттук "Кабар" маалымат агенттигине кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтти комментарийлеп жатып, мындай жаңжалдарга чекит коюу үчүн үчүнчү тарапты тартуу зарылдыгын белгилеген. Анын айтымында, үчүнчү тарап Кытай боло алат.

Бакетаев белгилегендей, учурда Россия бул конфликтти чечүүгө ортомчу боло албайт, анткени, ал украиналык кризис менен алек. "Россия өзү Украинадагы кырдаалдан улам оор абалда. Ошондуктан, сүйлөшүүлөргө ортомчу болуп берүүгө кытай тарапты сурануу керек. Ошондо тынчтык орнойт", - дейт ал. 

Ошондой эле, чыр чатак эки өлкө ар башка документтерди көрсөткөндөн улам чыгып жатканын белгилеген. 

"Ошондуктан, биз бул маселени такыр эле чече албай койдук. Бул жерде ири Кытай сыяктуу ортомчу керек. Анткени, азыр Кытайга жол куруу, кызматташуу, инвестиция салуу үчүн стабилдүү коңшу керек. Кытайдын айланасында чакан мамлекеттер орун алган. Кытайга каршы эч ким согуш ачпайт. Биз дагы Кытайдын жанындабыз. Ошондуктан, биздин жана тажик дипломаттары Кытайга кайрылып, бул маселеде ортомчу болуп беришин сурануу керек", - дейт Бакетаев.