Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 414

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев ММК булактарына  берген акыркы маегинде президент Садыр Жапаров досу Камчыбек Ташиевсиз эле саясий тепкичте болушу керектигин айтыптыр. Анын айтымында, бул саясий тандем өлкөдө кош бийликти жаратат дейт. Ошол эле учурда отставкадагы генерал-майору Суваналиев  ага мисал катары Бакиев менен Куловдун тандеми сыяктуу такыр туура эмес окшоштуктарды  салыштырып, анан Сталин менен Берияны  да айтыптыр.

Суваналиев бул теманы жөн жерден көтөрбөгөнү, оппозициялык делген айрым саясатчылардан үлгү алып, Жапаров менен Ташиевдин ортосуна  бузукулук аракет кылганы көрүнүп эле турат.

Анткени, Бакиев менен Куловдун тандемин эстесек, алардын “достугу” Кулов узак мөөнөткө камалган маалда эмес, тактап айтканда 2005-жылдын 24-мартында түзүлгөнү эсимде. Куловдун бир топ электораты бар экени Бакиевге дал ошол революция болгон күнү айкын болуп, ошол максатта гана  бул альянска макул болгон. Ал эми Камчыбек Ташиевди айта турган болсок ал Садыр Жапаровду  эң оор мезгилде бийлик тарабынан кысымга алынганына карабай коргоп, колдоп келген. Ошол учурда кандай кыйынчылыктарды баштан кечиргенин божомолдоп билсек гана болот. Бир нече жыл стресс жана тынчсыздануулар анын ден соолугуна да залакасы тийди.

Ошондон улам, азыркы бийликке нааразы болгон Суваналиев өңдүү саясатчылардын көбү, тагыраагы, бүгүнкү бийликке жете албай жүргөндөр Жапаров менен Ташиевдин ортосуна бүлүк салууга болгон аракетин жумшап жатышат. Алардын максаты айдан ачык – азыркы бийликти мүмкүн болушунча алсыратуу. Анткени, дал ушул Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы “достук” бийликтин абдан эффективдүү вертикалын түзүп, анын аркасында өлкө акырындап тышкы жана ички карыздардан кутула баштады. Ошол эле учурда  бардыгы өз ордунда. Маселен, Ташиев УКМКнын төрагасы катары республиканын эң татаал күч структурасынын ишин уюштуруп, бул кызматта коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жагынан абдан конкреттүү натыйжаларга жетише алды.

Алгачкы камоолор Ташиев УКМКнын жетекчилигине келгенден эки айга жетпей, 2020-жылдын кеч күзүндө – кыш айларында башталган.  Ошондо эле эч кандай кол тийбестик  деген болбойт экени дароо белгилүү болду.

Биринчилерден болуп Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушунда коррупциянын символуна айланган Райымбек Матраимов камалган. Кармалгандан кийин ал күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен  иштешип, мамлекетке 2 миллиард сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурган. Бул Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп турганда биринчи жолу болду.

Андан соң аталган башкармалык бажы кызматынын бир катар башка кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Ошентип, республиканын эң коррупциялашкан түзүмдөрүнүн бири тазаланды десек болот.

Айтмакчы, коррупционерлердин мамлекетке келтирген зыянын мамлекетке төлөп берүү практикасы кадыресе көрүнүшкө айланды. Камчыбек Ташиевдин жетекчилигинде УКМКнын алгачкы алты айында эле мамлекеттик казынага 6 миллиард сомдон ашык каражат кайтарылган.

Коррупцияга каршы дагы бир орчундуу кадам канадалыктар тарабынан Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишимдерге кол коюуга байланышкан коррупциялык кылмыш иштеринин козголушу болду. Бул иштерде мурда бийликте жогорку кызматтарды аркалап, Кумтөргө байланыштуу маселелер боюнча жооптуу чечимдерди кабыл алган көптөгөн жогорку кызматтагылар тергөөгө алынды. Алардын арасында премьер-министрлер, депутаттар, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери  да бар.

Кыргыз тараптын алтын кенин өз көзөмөлүнө кайтарып алуу процессинде жетишилген жылыш көбүнесе УКМКнын тергөөчүлөрүнүн эмгегинин аркасында болду десек болот.

Ошонун негизинде УКМК дагы сотторду текшере баштады. Коопсуздук кызматы ачыкка чыгарган төгүндөлгүс фактылардын натыйжасында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кызматтан кетүүгө аргасыз болуп, кийинчерээк өлкө боюнча ондогон судьялар коррупцияга айыпталып, камакка алынган. Мына ушундай кадамдардан улам кыргыз эли бийликтин жогорку эшелонундагы коррупцияга, паракорчулукка каршы күрөшкө азыркы жетекчиликте саясий эрк жетиштүү экенине ынанды.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алкагында 2020-жылдын октябрь айында УКМКнын “Альфа” спецназынын кызматкерлери криминалдык авторитет Камчыбек Көлбаевди кармашкан. Анын ичинде ага 250 миллион сом өлчөмүндөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча айып тагылган. Кийинчерээк Көлбаевдин жакындары арам жол менен алынган акчаны мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттенип, УКМКнын депозиттик эсебине 49 миллион сом түшкөн. Калган акчаны жакындары төлөп берүүгө милдеттеништи.

Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында УКМКнын ишинин дагы бир маанилүү аспектиси чек ара маселелерин чечүү, тактап айтканда, коңшу Тажикстан менен талаштуу аймактар болду.

2021-жылдын апрель айында Баткен районундагы такталбаган чек ара тилкелеринин биринде ири масштабдагы жаңжал чыгып, тажик тарап Кыргыз Республикасынын аймагына басып кирип, Баткен районунун калктуу конуштарын минометтон аткылоо фактысынан улам келип чыккан. Баскынчылыктын натыйжасында 36 кыргызстандык каза болгон, анын ичинен 2 бала, 189у ар кандай жаракаттарды алышкан.

Ошол жаңжал Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу керектигин көрсөттү. Бийлик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн потенциалын чыңдоо чечимин кабыл алды. Көп өтпөй Кыргызстандын арсеналында “Байрактар” жана “Орлан-10” заманбап чабуулчу учкучсуз учактар пайда болду.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын октябрь айында чек ара аскерлери Toyota маркасындагы 40 брондолгон жол тандабастар менен бекемделген. Ошондой эле бардык техникалар Баткен облусуна жөнөтүлдү. Дагы бир айта турган жагдай, буга чейин 2022-жылы Чек ара кызматынын балансына дагы 55 Тигр бронетехникасы жана 50 КамАЗ  алып келинген.

Демек, УКМК Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында өлкөнүн ичиндеги гана эмес, дүйнөдөгү бүтүндөй оперативдүү кырдаалга реалдуу баа берген, бардык чөйрөлөрдөгү кырдаалды көзөмөлгө алган так ошол эффективдүү түзүм болуп, өлкөнүн  жана улуттук коопсуздук маселелери менен олуттуу алектенип келет.

vb сайтынан алынып, которулду