Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1440

Бизде «кетсинизм» деген адат бар. Кетсин, ордуна башкасы келсин деп эле турабыз. Же башкасы келгенде эле бир нерсе өзгөрүп, өнүгүү, өсүш болуп кетсечи… Негизи барбы, же жөн гана имиш, ушактардын деңгээлинде болуп жатабы, анысын билбейм, ФБ айдыңында «Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров кетиши керек, кетет экен, ордуна мыктысы келет экен» дегендей маалыматтар жазылып жүрөт.

Эгерде калыс, реалдуулук менен карап айта турган болсок, Акылбек Жапаров салыштырмалуу жакшы иштеп атат. Акылбек мырзаны канчалык жаман көрбөйлү, сындабайлы, ал экономиканы, бюджет маселесин чемичкедей чаккан, стратегиялык, мамлекеттик масштабда ойлоно алган мыкты жетекчи. Экономика, финансы маселелеринде президенттин кеңешчиси, акыл кошчусу. Бюджеттин толтурулуп, айлыктардын көбөйүп жатканына, ири долбоорлордун башталуусуна А. Жапаровдун да салымы чоң болуп атканы талашсыз. Ал кетип, ордуна башкасы келсе эле өзгөрүү болуп кетерине ишенбейм. Ордуна андан мыктысы келерине деле ишенич жок. Анын үстүнө бизде «преемственность» деген нерсе жок. Жаңысы келсе, кеткендин иштери улантылбай, көптөгөн демилге, чечимдер ара жолдо калып, аягына чыгарылбай калышы да мүмкүн. Ошондуктан президент С.Жапаров туура көрсө, Акылбек Жапаровго жок дегенде 4-5 жыл иштөөсүнө мүмкүндүк берип, аткаруу органындагы туруктуулукту калыптандыруу салтына жол коюшу керек. Туруктуулук болгон жерде өнүгүү, жылыш болот. Эгемендүүлүккө 31 жыл болсо, А.Жапаров 33-өкмөт башчы. Бул жагынан Кыргызстан рекорд койгон. Премьерлердин шапкедей алмашуусу экс-премьерлердин санын эле көбөйтпөсө, башка пайдасын деле көргөн жокпуз.

Мирлан Дүйшөнбаев