Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 482

Жарандык активист Кайып Шер Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынышын саясий мотивге төңкөргөн билдирүүсү тууралуу пикирин билдирди. 

- Бекназаровду элчилик кызматка  Президент Садыр Жапаров дайындаган. Кайра кызматтан алганына караганда Азимбек Бекназаров замандын талабына жооп бере албай калды. Ал эми Бекназаров "мени саясий мотивден улам алды" дегенден башка эмне дей алмак эле. Саясий айдыңдагы "революционермин" дегендердин патрону түгөндү. Эл дагы буларды жактырбай калды. Дайым ызы - чууда. Аксыда курман болгон 6 кишинин өлүмү Турсунбек Акун менен Бекназаровдун абийиринде экенин элдин баары билет. Өзү дайым революцияларда элди үндөп, көкүтүп, жыйынтыгында, 7- апрелде 90 бала өлдү. Ага удаа 2010-жылы июнь окуясында 600дөй киши каза таап, 15 миңден ашуун киши жараат алып, 20 000дей адам үй - жайын таштап качты. Миңдеген үйлөр өртөндү. А.Бекназаров баш болгон Убактылуу өкмөт өлкөнү тоноду. Оруссиядан келген 300 миллион долларды "жешти". "Кыргызгазды" Оруссияга белек кылды. Таластагы Жерүй кенин Оруссияга бекер беришти. Өлкө тонолду. Эл тентиди. Бирок ал үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү уялбай эле "Манас" орденин алышты. Алмаз Атамбаев Кыргыз Эл баатыры болду. Атамбаевди "акыл-эсинен ажырап калган" деп элге келекелеп ушак тараткан Бекназаров эмес беле. Болбосо, Бекназаров менен Атамбаев Акаевдин дагы ашын ичкен, Бакиевдин дагы ашын ичкен. Сооронбай Жээнбековдун дагы ашын ичип эле жүрүшкөнү маалым. Булар дайыма ичкен ашына түкүрүп келишкен. Ошон үчүн Алмаз Атамбаев менен А.Бекназаровду Кудай өлчөп койгон. Булар эл бузар, журт бузарлар. Экөөнүн кыргыз элинде мынча эмне өчү бар билбейм. Анын "ийриси түзөлбөгөнүн" Президент өзү көрдү, туйду, анан кызматтан кетирбегенде эмне кылмак эле. Элчилик кызматка ылайыксыз, татыксыз!

Анан дагы "30 жылдан бери баатырлык наамды алгандардын арасынан жалгыз Алмаз Атамбаев татыктуу" дегени - анын куйтулугу. Эгерде Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов болбогондо, Убактылуу өкмөттүн тилеги ишке ашып, түштүктү экстремисттер  бөлүп кетмек. Ушу балдар сактап калган. Президент ал балдардын бирөөсүнө эле баатырлык сыйлык берди. Берки азаматтар дагы алганда УӨ асынып өлмөк. Жыйынтыктап айтканда, Азимбек Бекназаровго окшогон  эл бузар, журт бузарларды бийлик жазалай албаса дагы, коомчулук аны четке сүрүп салат.