- Кыргызстандагы революциялардын "бульдозеру" Азимбек Бекназаров кызматтан саясий мотив менен алынганын айтып чыкты. Сиз буга ишенесизби? Деги эле анын элчилик кызматын кандай баалайсыз?
- “Бульдозермин” деп оңдон –солго, солго оңго тартып жүрүп, качан эле кубатынын кетип, ышпалдасы чыгып, жеңил бир “шайтан арабага” айланып калганын сезбей жүрөт. “Баары өзгөрөт” деген түшүнүктү кабыл алгысы деле келбейт. Кайсыл бир жылдагы тергөөчүлүк тажрыйбасы менен саясатка кирип алып, жердештеринин канын төгүп, “иттик” кылганы бар. Бул эч убакта унутулбай турган окуя. Бирок ал мойнуна албайт жана колун шилтеп жүрөт. Бийликтин улагасын керээли кечке кага бергендиктен, тажагандан, Малайзияга элчиликке айдап жиберишкен. Кезинде Равшан Жээнбековду деле ушинтип айдашкан. Тил билбесе, дипломатиядан “нөл” болсо, не кылышысын, көпкө кармай алышпайт болчу. Кызыгы, союздан бери элчилик деген кызмат “сүргүн” катары эсептелип келгенин билбейт бекен. "Саясий боёк бар", - деп жер тепкилегенине карабастан, элчиликке таптакыр туура келбегенине, дипломатиялык билими жоктугуна байланыштуу иштен алынды. Замана өзгөрүп, жаштар өсүп, тил үйрөнүшүп жатышса, “эски бөрүлөргө” тышкы саясатты кармата берүү да опурталдуу.
- Азимбек Бекназаров отуз жылдан бери баатыр наамын алган адамдардын баарын сынга алып, бир гана Алмазбек Атамбаев бул наамга татыктуу экенин айтып чыкты. Түштүктөгү кандуу коогалаңдын жыйынтыгы менен эч кимдин наам алууга моралдык укугу жок экенин айтып безилдеди. Атамбаевдин гана баатырдык наамга татыктуу экенине кошуласызбы? Соңку баатыр наамдар туура эле берилгенби? Кечээ эле Атамбаевди сындап, бүгүн кайра мактаганы Азикенин эки жүздүүлүлугу эмеспи?
- Атамбаевдин короосуна кире качканы - бүгүн ал үчүн бул короодон башка тыйын жыттанган короо жок. Күз кирип келбедиби, ал дале “бульдозермин” деп өзүн эсептейт. Анан “Баатыр болсо бир Атамбаев болот" деп кыйкырып чыкпаса, тигилер момпосуй берип койбойт да. Каның менен, жаның менен акташың керек... Ошон үчүн “крышасы кетип калып” Атамбаевди жападан жалгыз “баатыр” деп уялбай айтып чыкты.