- Кыргызстандагы революциялардын бульдозеру Азимбек Бекназаров кызматтан саясий мотив менен алынганын айтып чыкты. Сиз буга ишенесизби? Деги эле анын элчилик кызматын кандай баалайсыз?
- Азимбек Бекназаровдун элчиликке коюлганынын өзү туура эмес болгон. Иштеп кете алмак эмес. Эми кызматка келгендер чыныгы түйшүктүү жумуш башына түшкөнүн сезсин. Элдин жүгү оңой эмес. Чартаңбай тээп жүрө бере турган учур өттү. “Менде эч нерсе жок, таза жүрөм, уурдаган эмесмин”, -деп, уурдап алганын билдирбей, колун жууп колтукка аарчып туруп калса эле эл ишенип калат деп ойлоп жатса керек. Элчи болду дегенден бери эмне иш кылганын уккан жокпуз. Бул кишинин жүрүшү эле өзү башынан саясий мотив. Эми карыганда жөн карыбай элге куу тумшук болгону калды. Анткени, ушул убакка чейин элди алдап келген. Ошол алдамчылыгы ачылып, артындагы шалтагы көрүнүп калат деп элчиликке жашынгысы келди эле. Бирок ал ишти эптей албай калды. Акыркы точкага келди. Эми жасаганынын эсебин берсин!
- Азимбек Бекназаров отуз жылдан бери Баатыр наамын алган адамдардын баарын сынга алып, бир гана Алмазбек Атамбаев бул наамга татыктуу экенин айтып чыкты. Түштүктөгү кандуу коогалаңдын жыйынтыгы менен эч кимдин наам алууга моралдык укугу жок экенин айтып безилдеди. Атамбаевдин гана баатырдык наамга татыктуу экенине кошуласызбы? Соңку баатыр наамдар туура эле берилгенби? Кечээ эле Атамбаевди сындап, бүгүн кайра мактаганы Азикенин эки жүздүүлүлугу эмеспи?
- Ушунчалык эки жүздүү адамдардын айынан журтубуз ушул акыбалга келип, калк кароосуз калганын сезер бекен бул жүзү каралар?!
Кызматта турса унчукпай, кызматтан алынса кемчиликти айтып, жоорду чукуп кузгундай болуп жүрүштүн өзү эмнеден кабар берет?! Кузгундар, таскаралар гана жоорго конот. Жашоодо адамга бир аяк тамак, бир метр жер гана жетет. Эртең өлсөң ошол жаныңды жанга уруп чогулткан байлыгың бир тыйынга арзыйбы? Ушул жөнүндө ойлонуп, токтоло турган куракка келсе дагы акылына келбей, ар нерсени тамтаңдап турган адамды карап туруп, ушундай нарксыз, уятсыз адамдарга ишенип ээрчип келген элге боорум ооруду. Кызматтан кетсе да татыктуу кете албаган кандай немелерге калганбыз, кагылайын калайык?! Бул кишинин кызматы менен баатырлык наамдардын байланышы канчалык?! Иши эмне экен кимдин наам алып, кимдин сый көрүп жатканы менен? Өзү жөнүндө ойлонбойбу? Же, баатырлыкты ушул кишиден сурап бериш керек беле?
“Түштүктөгү окуялардан улам эч кимдин наам алууга моралдык укугу жок”- деп өздөрү жөнүндө айтып жатат. Ансыз деле аларга эч кандай сыйлык берилбейт, тарыхта аттары кара тамга менен жазылып кала турган бузукулар. Ошол шейит кеткендердин каны, сыздаган энелердин да кудайы бар го акыры. Ошолордун кусуру урат буларды! Ансыз деле түштүккө байланышкан ишке аралашып калгандарга сыйлык берилген жок да. Калк көрүп турат го.
Ал эми Камчыбек Кыдыршаевичтин Ош коогалаңында канчалык эмгеги бар экенин түштүк эли билип, жан дүйнөсүнөн өткөрүп, ыраазы болуп, “кыйынчылык башка түшкөндө элди сурап алар уулубуз бар экен”- деп ичинен ыраазы болуп турганын Бекназаровго окшогондор билгиси келбейт. Анткени, алардын кылмышын ушул азыр бийликте турган гана жигиттер жакындан билет, ошондон коркуп, дайыма Убактылуу өкүмөттүн мүчөлөрү безге сайгандай безилдеп турушат. Буйруса Ош окуясынын бети ачылып, кузгундар өз жазасын алат. Ал эми Алмазбек Атамбаев баатыр болсо Бекназаровго окшогон кузгундарга баатыр. Анткени, алганын алып, жулганын жулуп, уурдаганын уурдап, ушул Убактылуу өкмөт менен бөлүшүп, буларды да ашташ кылып алган. Баары окшош, тарпка конгон таз жорулар. Азыр ишти түз алып кеткенге ошол эскиден калган майда-чүйдө кадрлар тоскоол болуп жатат. бара-бара тазаланат деп ойлойм.
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ишин жылдырбай чырмооктой оролгон майда кадрлар бийлик башындагылардын атын атагысы келбей, кылчактап, эски бийлик качан келип калат экен деп турганы да көрүнүп турат. Бара-бара алардын да бети ачылат деп үмүт кылып туралы.