Тарыхтын узак ойку-кайкы ойрумдарында келатып, кокусунан же Москвадагы айрым мансапкор төбөлдөрдүн кандай жол менен болбосун бийликти тартып алууну көксөгөн тобунун тобокелчил аракет, чечимдеринен улам бир бурулушта кокусунан эгемендүүлүккө ээ болдук. Андан 3-4 жыл мурда көз карандысыздыкка жетишебиз деген ой өңүбүзгө түгүл, түшүбүзгө да кирген эмес. Бизде Прибалтика, Кавказдагы республикалардай Союздун расмий бийлигине каршы чыккан диссиденттик кыймылдын аты түгүл, жыты деле болбогон. Ошентип, Чынгыз Айтматов айткандай, обьективдүү, субьективдүү “кырдаалдардын айкалыша” түшкөнүнөн улам, башка республикалар менен бирге 1991-жылы 31-августта көз карандысыздык жөнүндө декларация жарыяладык.
Биз үчүн эгемендүүлүккө ээ болуу оңой болгон менен, эгерде мурдатан алдын ала даярдалган программа, мамлекетти түптөө боюнча тажрыйба болбосо, заманбап мамлекетти куруу аябагандай кыйын экенин өткөн 31 жыл көрсөттү. Батыштагылардын биздей элдердин тарыхый, психологиялык, менталдык өзгөчөлүктөрүн эске албаган дүжүр сунуштарын, программаларын аткара берип, өнөр жайыбыздан толугу менен айрылдык, айыл чарбабыз бытырап мануфактуралык кожолуктарга айланды. Ишкерлерибизден көп адамдарды жумуш менен камсыз кылып, бюджетке салым кошкудай жаңы ишканаларды жаратып, айтарлык ийгиликтерге жетишкендери өтө эле аз, алардын бири - маркум Табылды Эгембердиев негиздеген “Шоро” компаниясы. Булар суу менен талкандан чоң компанияны жаратышты. Бизде тоо кен байлыктары толтура, баалуу минералдардын жана металлдардын кору да аз эмес. Аларды өз күчү менен иштеткен ата-мекендик өндүрүшчүлөр качан чыгат? Ишкер дегендерибиз негизинен, базарлардын, кафе, ресторандардын, дүкөндөрдүн ээлери. Аздыр-көптүр акча, бош жаткан жер болсо, алачыктай бир нерселерди тургузуп, аларды сатармандарга ижарага берип, базарларга, арак-шараптарды чыгаруучу цехтерге айландыра койгон оңой экен. Бирок, инновациялык технологиялардын негизинде миңдеген адамдарды жумушка тарта турган жаңы заводдорду, фабрикаларды курганга ишкерлерибиздин чамалары жетпеди. Буларды көрүп туруп, биздин мал баккан менен алып-сатарлык кылгандан башкага жөндөмүбүз барбы же жарыкчылыкка жаратман эмес, тейлөөчүлүк, керектөөчүлүк үчүн эле жаралган элбизби (?) - деген ой келет.
Биз азыр негизги экономикалык көрсөткүчтөр же ички дүң жыйымдын жалпы көлөмү, аны ар адамга бөлгөндөгү үлүшү, бюджеттин номиналдуу эмес, реалдуу күчү боюнча 1990-жылдагы көрсөткүчтөргө да жете элекпиз. Ал мезгилде ИДЖнын ар адамга үлүшү 3280 долларга туура келсе, азыр 1,5 миң доллардын, жалпы дүң жыйым Союзга түз кеткендерин кошкондо 10 миллиард рублден (анда 1 доллар 64 тыйын болгон) ашык болсо, азыр 700 миллиард сомдун тегерегинде. Ал эми мамлекеттин базасы да, өзөгү да, таянчы да, элдин күндөлүк жашоо тирчилигин камсыз кыла турган да, же мамлекеттин альфасы да омегасы да экономика. Ансыз биз башкаларды кызыктырмак түгүл, элди жумуш менен камсыз кылуу, коргонуу, өнүгүү сыяктуу зарыл нерселерге да жетише албайбыз. Мына ушуларды көрүп туруп, айрымдардын ооз ачса эле асмандан түшө калгандай, “кыргыз деген күн менен айдын нурунан бүткөн, башка элдерге жол көрсөтүү үчүн жаралган, Адам ата менен Обо эненин осуяттарына кайтып келсек эле...”- дегендей абстракттуу нерселерди айта беришкендери - бир чети кыжырыңды келтирсе, бир чети “бул төшү түктүү жер бетинде жашагандардын сөздөрүбү же оболоп учуп кетишкендердин ооздорунан чыгып жатабы” дегендей таң калтырат. Биз азыр өткөнгө эмес, алдыга бурулушубуз, абстракттуу нерселердин тегерегинде ой жүгүртө бергенге эмес, кантип экономиканы өстүрүп, элдин турмушун жакшыртабыз дегенге негизги басым жасашыбыз керек. “Нан болсо, ыр да болот”. Ашказандары кулдурап тургандарга идея, идеологиялар түгүл, алланын сөзү да жукпайт. Мына ушундан улам биз кыргыздар өз алдынча мамлекетти куруп, өнүктүрүп кеткенге жөндөмдүбүз жетишеби же асмандан түшкөн куттай бекер келген эгемендигибизди бир күнү колдон чыгарып жиберебизби? - деген кооптуу ойлор да келбей койбойт. Ага жогоруда айтылгандардан башка да себеп болгудай көп нерселер бар.
Биринчиси - биримдик. Биз тилибиз, маданиятыбыз бир болгон менен кылымдар бою келаткан тарыхый, географиялык, климаттык өзгөчөлүктөргө байланыштуу менталитети ар кандай болуп калган элбиз. Нарындыкы бир башка, Ысык-Көл менен Чүйдөгүлөрдүн сезилерлик бөлүгү орусташып, алардын менталитетине жакындап кеткендер. Алардын бир бөлүгү дагы деле мурдагы Союздун психологиясында жүрүшөт. Түштүктөгүлөрдүн сезилерлик бөлүгү Таластыктар менен Нарындыктарга караганда өзбектер менен тезирээк тил табышканга көнүшкөн. Ар аймактын түгүл, азыр ар айылдын салты ар башка болуп, элди ичтен бир-биринен алыстатууда. Ал эми элди бириктире турган биринчи, тил болсо, экинчи, каада-салттар, үрп-адаттар. Адабият, маданият менен көпчүлүк жарандардын жумуштары деле жок. Жөнөкөй адамдар бир айылдан экинчи айылга ашка-тойго же кудачылыкка барып, “өлүгүңдү көрөйүндөр, алардын салты мындай экен”- деп турса, эч качан психологиялык, менталдык иденттүүлүк болбойт. Ошондуктан өкмөт, бийлик ички саясатта коомдук уюмдар менен биргеликте каада-салттарды, үрп-адаттарды иденттештирип, бир нормага келтирүүгө негизги басым жасоосу зарыл. Кыргызстандын ар аймактарындагыларды аралаштырып, “чоң казанда кайнатып” менталдык жактан бириктирүүдө Бишкек, Чүй тарыхый чоң ролду аткарууда. Бирок, аны менен чектелбөө керек, чоң, кичине кадрларды горизонталдуу ротациялап туруу, жер-жерлерде иштегендердин жарымына жакыны башка аймактардан чыккандар болуусу нормага айлануусу кажет.
Акыркы эки кылымдан ашык убакыттан бери орус элинин философ, ойчулдарында Россиянын келечегине ишеңкиребей, дайыма шектенип туруу мүнөздүү көрүнүшкө айланган. Анткени, алар өз элинин психологиясын, менталитетин, антропологиялык сапаттарын жакшы билишкен. К.Леонтьев: “күчтүү орус мамлекетин түзүүдө немис, татар элементтери негизги ролду ойногон, орус эли, атүгүл баардык славяндар өз алдыларынча анархиядан башкага жарабайт”- десе, Н.Бердяевден тартып П.А.Сорокинге чейинкилерди да андай күдүктөр тынчсыздандырып келген. Андай пессимисттик ойлор советтик мезгилде расмий коммунисттик-мессиандык идеологияга, маанайга алмашса, бир катар орус ойчулдарында акыркы мезгилдерде кайрадан андай ойлор көбөйүп баратат. Чындыгында эле орус элинде кээде өз тагдыры менен өзү ойноп, өз кызыкчылыктарына каршы, рационалдуу логикага таптакыр сыйышпаган нерселерди жасап турмай көрүнүш бар. Алсак, 1812-жылы декабристтер деп аталган дворяндар өз сословиясына каршы чыгышкан. Кеңири алкактан алганда 1917-жылдын октябрындагы төңкөрүш да Россиянын түпкү кызыкчылыгына каршы жасалган иш болгон. 1956-жылдан тартып бийликтен кеткиче Н.С.Хрущев өз мамлекетин түзгөндөрдү боктоп, шыбады. 1991-жылы этникалык орус жетекчилери Россия үчүн кийинки кесепеттерин ойлонбой туруп, Союзду кыйратып ташташты. Эми акылдарына келип, жер сабап, кошуналарынын баары менен чатакташып, Украина менен согушууда. Буга токтолгондугубуздун себеби - бизде да орус менталитетинен оошкондор, жугушкандар жетишерлик.
Мамлекеттиктин тагдыры менен ойноо, жоопкерсиздик бизге да мүнөздүү. “Жарымы төгүн, жарымы чын...”- дегендей, тарыхый легендаларды, көбүртүп-жабыртмаларды эске албаганда, кыргыз үчүн уруунун кызыкчылыгынан жогору кызыкчылык болбогон. Азыр деле “мекенчилбиз” дегендерге бийлик тийсе, алар биринчи кезекте уруулары-уруктары үчүн кызмат кылышат, аны норма катары эсептешет. Акыркы жыйырма жылга жакын убакыттын ичинде 3 төңкөрүштү баштан өткөрдүк. Алардын экөөсү тышкы күчтөрдүн кийлигишүүлөрү менен ишке ашты. 2005-жылы жайында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг кызматынан кетип жатып, “менин элчилигимдин эң башкы жемиши - Акаевдин кызматтан кетирүү болду” деп мактанган, ал убагында ЖМКлардын көбүнө чыккан. 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштүн артында да бир державанын атайын кызматтары турган. Биз аны азырынча коркуп ачык айтпай жатабыз. Россиянын ошол убактагы Кыргызстандагы элчиси Власов 2009-жылы күзүндө журналисттерди чогултуп алып, “бул бийлик менен иштешүүгө болбой калды” дегенин өз кулагыбыз менен укканбыз. Ал Москвага кандай маалыматтарды жөнөтүп турганын боолгоого ашыкча акылдын деле кереги жок. Биз мындан ары да сырткы күчтөрдүн айдагы, акчасы менен өңкөрүш-төңкөрүштөрдү жасай берсек, оңолмок түгүл, бир күнү жоголуп кетишибиз да мүмкүн.
Айрым саясатчыларыбыз азыр деле “мени президент кылсаңар, мен Кыргызстанды Россияга кошомун” деп ачык эле айтышууда. Аларга бирин-экин жазмакерлер эле каяша кылышпаса, саясый элитадан эч ким деле каршы чыкпады. Башка өлкөлөрдүн парламенттеринде андай сөз айткандарды бери дегенде ошол замат көчөгө сүйрөп чыгарып ташташмак. Абыке-Көбөшчүлүк элибиздеги илгертен келаткан дарт. Андайларды Төлөгөн Касымбеков “энесинин бөзүн сатып жан баккандар” деп жазган менен сүйлөшө келгенде “бөзүн” дегенди уятыраак уйкашыраак башка сөз менен айтчу экен.
Сингапурду үчүнчү дүйнөдөгү өлкөдөн биринчи дүйнөдөгү өлкөлөрдүн алдыңкы бештигине кошкон Ли Куан Ю: “Кандай коом болбосун аны ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн үч негизги нерсе талап кылынат. Биринчиси - чечкиндүү жетекчилик, экинчиси - натыйжалуу администрация, үчүнчүсү - коомдук тартип”- деген. Бизде көз карандысыздыктан бери мындай факторлор болбогонунан отуз жылдан ашык убакыттан бери өткөөл мезгилден чыкпай жатабыз. Германия, СССР сыяктуу өлкөлөр экинчи дүйнөлүк согушта кыйрагандарын 5-6 жылда эле калыбына келтирип, анан өнүгүү жолуна түшүшкөн. Бизге дүйнө жүзү жардам берсе да, жогоруда айткандай, мындан 32 жыл мурдагы деңгээлге чыга албадык.
Эгемендүүлүгүбуз үчүн эң чоң коркунучтун бири - биримдиктин начардыгы болсо, экинчиси, заманбап чарба жүргүзүүүгө жөндөмсүздүгүбүз. Кийинки 32 жылда да “өткөөл мезгилден” чыга албасак, элибиздин көбүнөн айрылабыз, алдуу-күчтүүлөрдүн баары бактыларын башка жактардан издегенге аргасыз болушат. Чет жактарда иштеп жүргөндөр, мигрант болуп кетип жаткандар менен сүйлөшкөндө алар: “Кыргызстандын оңолушуна ишенбей калгандарын” ачык эле айтышат.
Кыргыз элиндеги миграция агымы - эгемендүүлүгүбүздүн үчүнчү коркунучу болуп саналат. Азыр мигранттар которгон акчалар жылдык бюджетибизге барабар. Утурумдук миграция – убактылуу кыйынчылыктардан чыкканга керек, эгерде өз өлкөсүнөн үй-бүлөлөрүн бакканга иш табышпаса, алдуу-күчтүүлөргө башка кандай арга, кандай жол калат? Бирок, ал массалык көрүнүшкө айланып, жылдан жылга азаймак түгүл, көбөйүп баратса, сөзсүз улуттун келечегине кедергисин тийгизбей койбойт. Мурда барып-келип иштеп жүрүшсө, азыр мигранттардын сезилерлик бөлүгү чет өлкөлөрдүн жарандыгын алышып, ошол жактарга отурукташып, балдарын да ошол жактарда окутушууда. Андайлар көбөйгөн сайын алар которгон акчалар да азайганга өтөт. Азыр ошого жакындап калды. Азыр Россиянын ЖОЖдорунда 17 миңге жакын кыргызстандыктар окушат, аларды бүтүргөндөрдүн канчасы бизге келүүдө? Жокко эсе. Ошол эле мезгилде биздеги айрым биргелешкен ЖОЖдор потенциалдуу мигрант кадрларды даярдаганга адистешип алышты. Алсак, КРСУну бүткөн медиктердин (башка престиждүү адистиктер боюнча да) бири да Кыргызстанда калбайт. Бишкекте түгүл, азыр жер-жерлерде да орус тилдүү мектептер, класстар көбөйүүдө. Бир сөз менен айтканда, республикабыздын билим берүү ресурсу да мигранттарды даярдаганга өтүп алды. Мындай абал оңолбосо жакынкы жылдарда Кыргызстан эли жылдан жылга азайган Грузия, Армения, Прибалтика республикалары, Балкан мамлекеттери сыяктуу мигранттарды даярдоочу гана өлкөгө айланат. Анда акырындап өлкөбүздө кыргыздарга караганда башка этностордун өкүлдөрү көпчүлүктү түзө башташы да ыктымал.
Мурда мамлекеттик тилдин кейиштүү абалы жөнүндө сөз козголсо, “орусташтырып салган” деп баарын Турдакун Усубалиевичке төңкөчүбүз. Анын бийликтен кеткенине 37 жыл, өлгөнүнө 7 жыл болду. Бирок, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын баарында иш кагаздарын, көрнөк-жарнактарды толук кыргыз тилине өткөрө алдыкпы? Жок! Бөкөнбаев көчөсүнүн борбордук бөлүгүн карасаңыздар, бир да кыргызча аталышты таппайсыздар, баары англис тилинде. Бизге караганда Россия менен тарыхый, маданий байланыштары күчтүү Грузияда, Арменияда бир да орус тилдүү мектеп жок, орус класстары гана бар. Алар акылдары кемдигинен же бизче даанышмандыктары жоктугунан башка элдин тилинин таасирин чектеп жатышабы? Жок, тили бир болбогондун - дили бирикпейт. Адам кайсыл тилде ойлонсо, жазса, ошол этноско таандык болуп калат. Алар муну жакшы түшүнүшөт, ошондуктан жаштарыбыз адегенде эне тилин, рухун жеткиликтүү өздөштүрүп алып, анан башка тилдерге, маданияттарга аралашсын дешет. Алардыкы туура. Биз бул жагынан биригүүгө эмес, ажырымдашууга кетип баратабыз. Азыркы мезгилдин жаштары бир эмес, эки-үч тилди билиши кажет. Бирок, биринчи кезекте өз тилинде эркин сүйлөп, эркин жаза билип, бери дегенде маданиятынын “алиппесин” өздөштүрүп алгандан кийин канча тилди кааласа, ошончосун үйрөнө берсин. Антпесе улут ичтен ажырымдап бөлүнүп, бара-бара бири-бирин түшүнбөй да калат. Башка этностун тилине, рухуна сиңишип кеткендер ошол элдин кызыкчылыктарын коргоочуларга айланышат.
Биз, кыргыздар, башка элдерден кем да, өйдө да эмеспиз. Жалпы дүйнөлүк элдер Ассамблеясынын бир мүчөсүбүз. Чарбачыл мамиле кылсак, жерибиз 10 миллион түгүл 30 миллион адамды асыраганга жетет. Аймактары биздикинин жарымын түзгөн айрым өлкөлөрдө 40-50 миллион адам жыргап жашап жатат. Артыкчылык жактарыбыз болсо (ал бар), ага басым жасап, башкаларды ичиркентип, эрегиштирүүнүн кереги жок, ал ичибизде гана болуусу зарыл. Кем жагыбыз болсо (ал да аз эмес) анын кенемтесин толтуруу үчүн уялбай, башкалардын жакшы жактарынан үйрөнүп, өздөштүрүүбүз керек. Улутка комплиментардык нерселерди айта бергенден (аны айрымдар акыркы чындыктай кабыл алышы мүмкүн) көрө сын көз менен карап, кемчиликтерин ачык айткан жакшы. Өзүнө сын көз менен караган жерде гана жаңыланып, өнүгүү болот.
Азыркы бийликтин баштагандары, жасагандары көптөн үмүттөндүрүүдө. Бирок, ал саамалыктар катуураак үйлөп койсо, өчмөк түгүл, учуп кетчүдөй жылтылдап- кылтылдаган шамдын абалындай араңжан болуп турат. Экономикалык жакшы башталыштар биротоло туруктуу процесске айланабы же ополоң-тополоңдорду эңсегендер бир жаңжалды чыгарып, аларды үзгүлтүккө учуратып, Кыргызстанды дагы 5-6 жыл артка сүрүп ташташабы? Бул да өзүнчө тынчсыздандырчу маселе. Бизге азыр баарынан мурда саясый туруктуулук керек.
Карт тарыхта, бирде мамлекеттер көбөйсө, бирде ар кандай себептер менен азайып, айрымдары биротоло жок болуп кетип турган. Ал процесс азыр биротоло токтоду деп эч ким айта албайт. Дүйнөлүк процесстер эртең кай жагына бурулуп кетет, аны бир кудайдын өзү билет. Ал көп жагынан учурдагылардын, кийинкилердин иш аракеттерине жараша болору да талашсыз. Биз дүйнөгө таасир көрсөтө албайбыз, бирок башкалар бизди каалагандай калчап салышы мүмкүн. Ошондуктан алыскы, жакынкылардын баары менен ийкемдүү кызматташтык, достук мамиледе гана болуубуз зарыл.
Эгемендүүлүгүбүз – тарых менен тагдыр тартуулаган чоң ырыс, бирок ырыстын баары сымаптай болот, аны азыр дүйнөдөгү айрым окуялар ырастап жатат. “Азабыңды өз мойнума алайын, Жол карайын токтой турчу Ата-Журт!” деп Алыкул Осмонов жазгандай, эгемендүүлүктүн кыйынчылыктары, жоопкерчилиги аз эмес. Баарыбыздын жүрөгүбүзгө “Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!” деген максат бекем орногондо гана эгемендүүлүктүн кырмызы туусу кылымдарга эрдемсине желбирейт! Ылайым бизге акыл-эске жоопкерчиликти кошо берип, адаштырбай, жаңылдырбай үч миң жылдыктын аягында да жараткан түз көзү менен карап, Кыргызстан бай-бакубат өнүккөн өлкөгө айланып, Ала-Тоонун койнунда кыргыз тили, руху жаңырып турса экен.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити