Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 422

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы, Кыргыз Эл баатыры Камчыбек Ташиев менен маек.

- Эң жогорку наам – “Кыргыз Республикасынын Эл баатырын” алдыңыз. Бул сыйлыкты күттүңүз беле? Коомчулукта “президент досу болгону үчүн берди” дегендер да кездешүүдө. Буларга толуктоо бере кетсеңиз?

- Наам мага бир жагынан күтүүсүз болсо, экинчи жагынан күтүлгөн нерсе болду. Себеби, урматтуу президентибиз дагы наам 12 жыл мурда болгон окуялардын негизинде берилгенин белгилеп өттү. Ошол убакта жасалган эмгектерге, окуяларга жүз миңдеген адамдардын күбө болгон, демек, жөн эле унутулуп кетиши мүмкүн эмес болчу. Эки элдин ортосундагы жаңжалды токтотууга, элдин өмүрүн сактоого жасалган аракетибиз качандыр бир бааланышын билгем. Ал окуялар эч убакта тарыхтан өчпөйт.  Бирок баалоо көз өткөндөн кийин болсо керек деп ойлогом. Анткени, адамдын эмгеги көзү тирүү кезинде бааланышы, айрыкча кыргыз коомунда кыйын экенин билебиз.

2010-жылы Ош шаарындагы борбордук стадиндо 15-20 миңден ашуун адам жыйналып, бизге – мага, Садыр Жапаровго, Ахматбек Келдибековго “Эл баатыры” деген наам ыйгарышкан. Ошол эле жылы Жалал-Абад шаарында 10-15 миңден ашуун адамдын катышуусунда дуба-тилек айтылып, ушул эле наамды беришкен. Өзүңөргө белгилүү болсо керек, Сузак районунун бардык айыл өкмөттөрү да наам ыйгаруу боюнча чечим чыгарышкан. 2013-жылы Сузак районундагы айыл өкмөттөрдүн депутаттары чогулуп, 200-300 чамалаш болсо керек, чечим чыгарып, президентке, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошкон. Ушинтип эл өзү аракет жасап, сунушун айта беришти. Бирок арадан 12 жыл өтүп кетти. Ошондогу эмгек эми бааланып, президентибиз наам берип отурат. Бул сыйлык берилбеген күндө дагы элибиз эчак берип койгон болчу. Буйрук экен, алдым. Бирок ошондогу окуяларда Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдыз Жолдошова сыяктуу көптөгөн уул-кыздарыбыздын да эмгеги чоң болгон. Биргеликте согушту токтотууга күч аракетибизди жумшаганбыз. Наам ошол окуялар, анан жеке өзүм катышкан Сузак, Сампа, Жалал-Абаддын ипподромундагы окуялар териштирилип, мага ыйгарылды окшойт. Бул наам Садыр Жапаровго, Ахматбек Келдибековго да берилсе болмок. Себеби, булар дагы эрдик көрсөтүшкөн. Кыргызстандын башына оор күн түшкөндө түндүк-түштүк, оппозиция-бийлик дебей, саясатчылар баарыбыз биригип, улутчул сепаратисттерге Кыргызстаныбызды талатпай сактап калганбыз. Оор учурда кыргыздар биригип кетишти билебиз. Бул кыргыздардын эң негизги адамдык, мекенчилдик сапаты. Миңдеген жылдар бою экономикалык, саясий жактан күчтүү, эбегейсиз мамлекеттердин арасында өз ордун жоготпой келатканынын себеби ушунда. Мындан ары да ушундай болот деп эсептейбиз. Себеби, бүгүнкү өсүп келаткан жаштар качандыр бир тарыхтан бул окуяларды окуп билишет, андан үлгү алышат. Андай окуяларды болтурбоого, алдын алууга аракеттенишет.

Албетте, наам боюнча коомчулукта ар түрдүү пикирлер пайда болуп жатат. “Президент досу болгону үчүн алды” дегендер да жок эмес. Мен бирок антип ойлобойм. Анткени, 2010-жылы кан төгүлгөн маалда, бизде наам алуу тууралуу ой жок болчу. “Кимибиз президент болсок, ошонубуз наам беребиз” деген да убадабыз болгон эмес. Биздин анда бир гана ниет – тилегибиз бар эле, ал – мамлекеттин, мамлекеттин ичиндеги эл-журттун тынчтыгын сактоо. Аны кайсы бир деңгээлде камсыз кыла алдык.

Айрым 19-20 жаштагы балдар дагы терс пикирлерин айтып жатышат. Ал балдар кандуу окуя болгон маалда ашып кетсе 12-13 жаштагы жаш балдар эле. Ошондуктан, алар окуялардын маанисин, мамлекетке тийгизген таасирин, коркунучун, жүрүшүн жана башталыш – бүтүшүн билишпейт. Анан билбей туруп баа берүүгө аракеттенгени – тарбиясынын, тартибинин, мамлекетке, эли-жерине болгон сүйүүсүнүн жоктугун айгинелейт. Бирок андайлар аз. Көпчүлүк элибиз мындай тарыхый чоң окуяларды эч убакта эсинен чыгарбайт, ага катышкан тарыхый адамдарды дагы. Жогоруда айтканымды дагы бир кайталайм, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Курсан Асанов, Жылдыз Жолдошова ж.б. көптөгөн атуулдарыбыздын эмгегин дагы унутушпайт.

 - Сыйлык тапшыруу убагында президент Садыр Жапаров сиздин бир гана 2010-жылдагы Ош окуясындагы эмгегиңизди белгилебей, учурда өлкөбүздүн коопсуздугун сактоодо чоң иштерди жасап жатканыңызды да айтып өттү. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кандай иштерди аткарып жатат?

- Бул сыйлыкка УКМКнын аткарып жаткан иштеринин түз  болбосо дагы, кыйыр тиешеси бар. Себеби, 2 жылдан бери атайын кызматты жетектеп келатам, бул убакыт аралыгында милдетимди туура эмес аткарганымда, мамлекеттин түзүлүшүнө, өнүгүп-өсүшүнө каршы аракеттерим болгондо, анда алмак эмесмин. УКМК кызматкерлери өз милдеттерин так аткарып, мамлекеттин коопсуздугун сактоого бүт күчүн жумшап келатышат. Көрүнбөгөн фронттун жоокерлери так иштеп жатышат. Мамлекеттеги бейпилдик - атайын кызматтын кызматкерлери жер жерлерде өз жумуштарын эч кимге жарыялабай, кыйналса, ач калса, кес калса да камыкпай, профессионалдуу иш алып барганынын жыйынтыгы. Алар иштеген үчүн өлкөбүздө коопсуздук бар. Ички бейпилдик менен гана чектелип калбастан, чек ара маселесин, коомубуздагы коррупциялык элементтердин жаралышын токтотуу көйгөйүн көтөрүп келатабыз. Бул оңой-олтоң жумуш эмес. УКМК кызматкерлери аны менен катар мамлекетке ак ниеттүүлүк кылбаган чиновниктер менен дагы күн-түн дебей күрөшүп жатат. Мисалы, азыр мен маек берип жаткан чакта дагы, ар кайсы жерде бир нече атайын операция же иш чара өткөрүп жатышат. Биздин иш бир мүнөт дагы токтобойт. Ар бир аракетибиз мамлекет үчүн. Бир четин гана айтайын, коррупцияга каршы күрөш өзүңүздөргө жакшы белгилүү болгондой, эки жыл мурда кандай эле? Эки жыл мурда коррупция кандай деңгээлде болчу, а азыр кандай? Азыр эч ким эч кимге ачык пара бере албайт жана эч ким эч кимден талап кыла албайт. Жумушка орноштуруудабы, мамлекеттик сатып алуулардабы, инвесторлор менен иштешүүдөбү, мурункудай пара берүү жок. Бул маселени биз токтоттук. Эми ички чиновниктердин иш аракетиндеги мамлекетке келтирген зыян жана пайдасын аныкташ керек. Тармактарга мамлекеттик бюджеттен көп суммадагы каражат бөлүнөт, ошол акчалар туура иштетелип, натыйжалуу пайдаланылып жатабы же башка нукка бурулуп жатабы – текшерип, каражатты өз кызыкчылыгына жумшаган чиновниктерди жоопко тартуу зарыл. Бүгүнкү күндө эч ким эч кимге “крыша” боло албайт. Мамлекетке зыянын тийгизсе, ким экенине, ээлеп турган кызматына карабай, жоопко тартууга милдеттүүбүз. Ал милдетибизди так аткарабыз.

Ал эми чек ара маселелери боюнча. Чек ара кызматындагы абал 2 жыл мурда башка болчу, азыр башка. Чек арачылардын акыбалы азыр Кудайга шүгүр жакшырды. Керектүү жабдыктар, ок-дарылар, техникалар менен камсыздалды. Азыр алар чек араны эч кимге буздурбай, так коргоп жатышат. Мамлекеттердин ортосундагы делимитация, демаркация иш аракеттери уланып жатат. Коомчулугубуз жакында кандай иштер аткарылганынан кабардар болушат. Бир нерсени белгилей кетейин, мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичке, жеке мага байлыктын кереги жок. Биздин ар бир кылган ишибиз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, андан башка кызыкчылык жок. Бийликти Кудай себепкер кылып элибиз берди “элиңерди баккыла, алдыга жылдыргыла” деп. Ошол эл берген бийликти элге иштетүүгө милдеттүүбүз.

 Алдыдагы эң негизги ой максаттарыбыз, мамлекетибизде эки жылда чоң өзгөрүүлөр болду, буйруса, мындан ары дагы чоң жакшылыктарга дуушар болобуз. Мен бир-экөөсүн айта кетейин, ИДП 8,3 пайызга өстү, ЕАЭБдеги өлкөлөр арасынан биринчи орунду алдык жана муну Дүйнөлүк банктын тастыктаганы көп нерседен кабар берет. Мугалим, врач, социалдык, муниципалдык жана мамлекеттердин айлык акысы 50 пайыздан 200 пайызга чейин көбөйдү. Жакын арада укук коргоо, күч түзүмүнүн айлыктарын көтөрөлү деп турабыз. Социалдык объектилер курулуп, жолдор оңдолуп жатат. Бюджетибиз 18 миллиарддын тегерегинде болчу, кийинки жылы эле 300 миллиардга чыгып, быйыл 400 миллиарддан ашабыз деп турабыз. Эмдиги жылы 500-600 миллиардга чыгабыз. Президентибиздин койгон талаптарынын негизинде жакынкы жылдары бюджетибиз триллионго чыгышы керек. Бул эки жыл мурункуга караганда 5 эсе көп дегенди билдирет.

Ошондуктан, коомго тынчтык керек. Биздин милдет коомдун тынчтыгын камсыздап берүү. Бизди сындагандарга макулбуз, сындашсын, туура эмес кылсак оңдогонго жардам беришсин, кызматташышсын, бирок коомго бүлүк салышпасын. Бүлүк салып, кайсы бир деңгээлде мурдагы окуяларды кайталайбыз, төңкөрүш жасайбыз деген ниеттеги адамдар болбосун дейбиз. Эгер андайга барышса мыйзам чегинде чара көрөбүз. Оппозициябыз деген бизге каршы сүйлөгөн адамдарга чынында чара көргүм келбейт. Анткени, алар да биздин адамдар, биздин мамлекеттин жарандары, кечээ чогуу жүрүп, чогуу аракеттенген тааныштарыбыз. Бүгүнкү оппозиция менен көптөгөн жылдар чогуу жүрдү. Бирок эгер чектен аша турган болсо, айласыздан, партиялуулугуна, кылган эмгегине, мурда-кийин ээлеген кызматына карабастан чара көрүүгө туура келет. Себеби, мамлекеттүүлүктүн негизги булагы - бейпилдикте. Тынчтык болсо, мамлекет өсүп-өнөт, экономика өнүгөт, сырттан инвесторлор келет. Бизге ишкана, завод-фабрика ачышат, анда жарандарыбыз иштейт, айлыгын алып бала-чакасын багат. Жашоо ушул тейде бейпилдикте уланышы керек. Ал үчүн биз жоопкербиз.

УКМКнын тынчтыкты камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүгү кеңейди. Атайын кызмат буга чейин көңүл бурулбай, каралбай калганы баарына белгилүү. Аймактардагы башкармалыктар бирөөлөрдүн үйүндө, имараттардын бир четинде эптеп иштеп келишкен. УКМК үчүн бир дагы имарат курулган эмес. Былтыртан бери муну колго алып, 50гө жакын имараттарды курдук. 150гө жакын автоунаа техникасы, 100дөн ашуун атайын техника алынып келинди. Заманбап технология жабдыктары менен камсыздалды. Булардын баары элибизге жүз жылдап кызмат кылат. Күнү-түнү мамлекеттин кызматында жүрөбүз, биз буга милдеттүүбүз. Бүгүн ызылдап жаткан ошол эле оппозициянын, терс пикирин билдирген ошол эле адамдардын да коопсуздугун сактайбыз. Бирок кээ бир топтор, айрыкча сырткы саясий, акча таасирине алдыргандар мамлекеттин ичине бүлүк салууну каалашат. Бирок биз буга жол бербейбиз,. Президентибиздин биздин алдыбызга койгон тапшырмасы ушундай, аны так аткарабыз деген ниеттебиз.

Урматтуу, эл – журт, кыргызстандыктар! Жогорку наамды алып жатып сиздердин алдыңыздарда милдеттүү экенимди дагы терең сездим. Анткени, бул сыйлык элимдин сыйлыгы. Бул сыйлык бизди, жеке мени чоң жоопкерчиликке түртөт жана мындан ары бир нече эсе көбүрөөк энергия, акыл-эс жумшап мамлекетке кызмат кылууга багыттайт. Мен ошол апаат маалында жанымда жүрүп, багытташ болгон, тынчтыкты сактоого аракет кылган ар бир адамга рахматымды айтам.