Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 641

Камчыбек Ташиев “Эл баатыры” наамын алган соң коомдо макул болгондор да, болбогондор да катуу үн катып атат. Макул болгондор негизинен кыргыз тилдүү катмардын жана айылдыктардын арасынан көбүрөөктөй таасир калат. Макул болбогондор - борбор шаарыбыздын орус тилдүү катмары жана соцтармактагы оппозицияга ыктагандардан тургандай сезилет. Социологиялык иликөөнүн жыйынтыгында кайсынысы басымдуу кылаарын билбеген менен мен Камчыбек Ташиевдин баатыр болушуна эки негиздүү себеп бар экенин карап көрсөк болчудай деп ойлойм.

Биринчи себеп, 2010-жылы Түштүктөгү этностор аралык конфликтти натыйжалуу токтотуп калганга чоң салым кошконун айтып келишет. Ташиев мырза билимдүүбү же андай эмеспи, бийликчилби же оппозиция өкүлү беле бул өзүнчө маселе, бирок ал учурда да, азыр да бирөөлөргө жакпаса да, аны колдоп артынан ээрчиген калың катмар тарапташтары бар лидер экени анык. Текебаев мырза айтмакчы ал киши “алдаң - дөлдөң, ниети таза” мекенчил саясатчы экенин билебиз. Лидерлик сапатын көрсөтүп эки тараптын кагылышы күчөп кетишинен сактап калгандыгы ошол учурда ошол жерде күбө болгон кишилердин эскеерүүсүндө алигиче айтылып келет. Ошол учрда мониторинг кылып жүргөн атайын кызматтын өкүлдөрү деле бул тууралуу бир күнү архивди ачыкка чыгараар.

Экинчи себеп, жеке оюмда былтыркы Баткендеги Тажикстан тараптын бизге кылган аскердик агрессиясына жасаган оор басырыктуу жообу деп ойлойм. Эки тараптын ортосунда буга чейин конфликттер болуп келген, анда эки тарап өз территориясынан бири бирине таш атып же курал колдонсо да, тажик же кыргыз тараптын бири биринин территориясына басып кирип келгенин билбейбиз. Жок эле дегенде расмий версияларда андай маалымат жок. Бирок бул жолу окуялар айкын эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүп атканына бир нече видеолор далил болуп бере алат. Тажик тараптын эмне үчүн капысынан мындай агрессияны тандаганын темадан алыстабаш үчүн өзүнчө башка жерде карайлы. Кыргыз тараптан катардагы атуулдар окко учуп атты. Мындай агрессия эч кандай эл аралык нормаларга туура келбейт болчу. Эгерде, ошол учурда биздин бийлик ачуулукка алдырып адекваттуу жооп деп, намыс деп эле окшош агрессия жолун тандап согушка киришип кеткенде анын бетин Кудай өзү алыс кылсын, согуш башталып кетпейт деп ким кепилдик бере алат эле? Согуш бул андан 100 эсе көп чыгашалуу да, пайдасыз да, трагедиялуу, эки тарапка тең рационалдуу эмес кесепетин бермек. Ошол учурду адекваттуу баалап, оптималдуу, оор басырыктуу жана даанышман чечимин борборго жеткирген Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын иши болду десек болот. Айрымдары аны кыргыз бийлигинин алсыздыгы деп баалашы мүмкүн, бирок даанышман кадам антип бааланбоосу керек. Арийне, Ташиев мырзанын ролу бул жерде талашсыз болчу. Генерал мырзанын ички саясатта пенде катары айрым учурларда балп этмей мүнөзү болгону менен ошол күндөрү улуттук кызыкчылык жана коопсуздук маселеде эң адеваттуу жана даанышман чечим кабыл ала алганына мына тарых бүгүн баа берип отурат.

Демек, корутундулап айта турган болсок, эки учурда тең Ташиев мырзанын улуттук кызыкчылык үчүн согуштун алдын алууда, аны токтотууда, тынчтыкты орнотууда кошкон салымы абдан чоң десек болот.

 

Сейтек Качкынбаев