Ушул жылдын март айында оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймылы» түзүлгѳн. Аталышы эле айтып тургандай, ыңгайы келгенде, шылтоо табылганда бийликти сындап, каралап, эл кѳзүнѳ мокочо кѳрсѳтүп туруу. Бирок аты укмуш болгону менен заты анчейин эмес. Кѳпчүлүк учурда уктап жатышкандары болбосо, кээде уйкудан чоочуп ойгонушкандай, коомдо кѳпчүлүк тарабынан талкууга алынган маселе боюнча билдирүү менен чыгып коюшат. Тилекке каршы, кудайдан жѳѳ качкандар, мамлекетти талап-тоноого катышкандар, батыштан акча алып жан баккандар, айтор калбырлары толтура болгондордун жыргатып оппозиция болушары арсар. Азырынча алардын «…эптеп башыбызды бириктирип, жалындуу, жаалдуу билдирүүлѳрдү айтып, сындап турсак, бийлик коркуп кетип, устукан болбосо да, сѳѳк ыргытар» деген үмүттѳрү ишке ашпай жатат.
Мына, ушул оппозициялык кыймыл президент С.Жапаровдун Кумтѳр боюнча айткандарын сынга алып, Жогорку Кеңештин жыйынында отчет берсин деген билдирүү таратыптыр. Ѳлкѳ башчысы буга чейин Кумтѳр боюнча майдалап айтып, түшүндүрүп, элди, коомчулукту ынандырды. Кѳпчүлүк Кумтѳр маселеси ашыкча саясатташып, «жумурткадан кыр издѳѳ» болуп жатканын түшүндү. Кумтѳрдү башкарууда каржылык мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Тенгиз Бѳлтүрүк кызматынан бошотулуп, тергѳѳ иштери жүрүүдѳ. Бирок болбой эле оппозициялык кыймыл ажаандыкка салып, президентти жѳѳлѳп, Кумтѳргѳ байланыштырып каралоону улантууда. Буга чейин сѳз болгон 19 тонна алтын эч кандай уурдалбаганын, ал сатылып, акчасы бюджетке түшүрүлгѳнүн кыймылдын мүчѳлѳрү деле жакшы билишет. Бирок короз таңга маал кыйкырып турууну милдетим деп эсептегендей эле, «Бириккен демократиялык кыймыл» да кеч болсо да Кумтѳр боюнча ооз ачып, бар экенибизди билдирип коёлу дешкен окшойт.
Эң башкысы, Кумтѳр ѳлкѳнүн менчигине ѳттү. Бул чындык, бул факт. Демек, биринчиден, канадалыктар иштеткен маалда жашырылып, ачыкка айтылбай келген нерселер мыйзам ченемдүү түрдѳ ачыкка чыга баштаса, экинчиден, бүгүнкү бийликтин Кумтѳрдү мамлекеттин карамагына кайтарганы «айрымдарга» жага бербей, алардын итатайларын тутултуп, ар кандай «бѳйрѳктѳн шыйрак чыгарган» маалыматтык чабуулдарды уланта беришери талашсыз.