Атамбаевдин сары баш тарапташтары дагы митинге чыгышыптыр: "Эгемендүүлүк күнүнө карата балабызды бошотуп бергиле" дешип. "Биздин баланы" дешип алганына эмне бересиң?
"Баласы" жетимишти уруп койгон чал болсо, жетимишке чыкканча Кудай акылдан айтпаса, жер-сууда жок ууру, адам өлтүргүч канкор экенин унутушуп, "Атамбаевдин убагында жыргап жашаганбыз", - деп коюшат уялышпай.
Албетте, күн аралата бука союлуп, күнүнө колдоруна 2000 сомдон таркатып турса, Атамбаевден өткөн март, берешен, зор адам болмок беле. Бирок ошол акча 7-апрелде, Ош коогалаңында, Дача Сууда өлгөндөрдүн каны менен келген арам акча экенин билип коюшса жакшы болмок.
"Бүткүл кыргыз эли талап кылып жатат" дешип башка региондордун акыл-эстүү элин өздөрүнө теңебесин. Атамбаев түрмөдө чириши керек.
Дагы бир жолу бар: Кытайдан алып, Сапар ууру экөө бөлүп алган карызды төлөп койсун да, андан соң өлкөдөн чыгып кетсин. "Кыргызстанда жашабайм" деген келишим менен эркиндикке чыгаруу керек. Путин досунун жанына барсын, эгер эле кабыл алса. Путин муну эчак унуткан.