Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 407

- Апрель баатырыбыз дегендердин эсине. Силерге жеңилдикти чөнтөгүнөн Алмаз Атамбаев же Убактылуу өкмөт берген эмес. Кашайгыр!Ал жардамды мамлекет өз эсебинен берген. Ичкен сууңа түкүрбө! Жардамды элдин эсебинен алып жүрөсүңөр. Анан уялбай трайбалисттерди колдоп аларды ээрчигениңер кандай?

Кээде мага дагы өктөзарда кыласыңар. Өлүмтүгүңөрдү мага артпагылачы!  "Ата -Бейитке" чачманын огунан өлгөндөр менен мас болуп арматура менен чабылып сөөгү койулгандар бар...  Ал боюнча алды Атамбаевден сурап алныла. "Чачманын огу тийген мас болуп өлгөндөр кайдан "Ата -Бейитке" койулуп калды?" деп. Андан кийин сот медэксперттерден сура! Башкы прокурордон сура. Анте албасаңар кың-мың дебей жөн отургула. Өлүмтүктү артпай. Уялсаңар баатырмын деп алган батирди, миллиондордогон пенсияңардан, бардык жеңилдиктерден баш тарткыла. Анан сүйлө! Анан мага тең ата бол. Ичкен ашыңарга түкүрбөгүлө. Арбак тынч жатсын. Өлкөдөгү мародеру- самозванеци- жулунганы деле "жаракат алдым, баатырмын" деп баарыңар үй алдыңар. Жер -сууну бекер алдың. Пенсия алып атасың. Балдарыңар контракт төлөбөй бекер окушту. Топук деген болобу силерде? Эл -журт ай сайын силерди багуу үчүн миллиарддап акча коротот. Ай сайын пенсия аласың. Элге - журтка өлүмтүктү артканын токтотпойсуңарбы! "Тууганым, жакыным өлдү" дегениң - кунун толук алгандан кийин, салт боюнча мыйзам боюнча бүттү. Энеси, кызы, келини, кайненеси маркумдар үчүн өкмөт берген жардамды талашып, мушташып, ит абийири кетти көпчүлүгүнүн.

Эл айтып атат "булардын пайдасынан зыяны көп болду" дешүүдө. 7 000 жылдык кыргыз тарыхында минтип өлүмтүгүн эл - журтка арткан баатырлар чыккан эмес дешүүдө. Эл -журт дагы силерге кеткен каражатты ай сайын ичип - жегенин эсептеп атат. Каражолтой 7-апрелде 100 киши өлду. Анын ичинен тартип сакчылары бар. Ооба, алар тартип сакчылар, чыныгы баатыр!

Андан көп өтпөй каражолтой Убактылуу өкмөт экинчи планын ишке ашырды. Июнь окуясы чыкты. 600 киши өлдү, миндеген эл үй -жайынан ажырап тентиди. 10 000 киши жараат алды, дайынсыз жоголгону дагы бир топ. Июнь окуясында экстремисттердин колунан өлгөн баатырлар сөөгүн "Ата -Бейитке" апкелген жок. Ошто, Жалал-Абадда экстремисттер менен болгон кармашта жаракат алганы дагы, окко учканы дагы баатырмын деп төш каккан жок силерчилеп. Жыйынтыгы Икрам Илмиянов баш болгон шоопуру, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү төш болуп Манас орденин алды. Алмаз Атамбаев Кыргыз Эл баатыры болду. Революционерлер миллионер болду, мародерлук жол менен. Акырында акча, дүйнө талашып атып бийликти алдырышты. Кудай тараза! Алмаз Атамбаев апрелчилердин арты менен өлкөнү 30 миллиард долларга тоноду, уй жалагандай кылып.

Мен Апрель баатыры наамынан 10 жыл мурда баш тарткам! Силер дагы баш тарткыла!Р еволюция талкан берген эмес эч бир өлкөгө. Революционермин деп төш какпа! Уят! Азыр кыргыз эли түгүл дүйнө коомчулугу революционермин дегендерден жаа бойу качып калган. Бактысыздыкты, жаманчылыкты апкелет дешип. Мындан кийин өз мөөнөтү келгенде гана мыйзамдуу жол менен шайлоо аркылуу президентти,  депутатты шайлайбыз деп калды эл -журт. Революция дегенди желкемдин чуңкуру көрсүн дешүүдө.