Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 655

"Төө жутканын билбейт" деген сыяктуу, Исмаил Исаков мындан он эки жыл мурда болуп өткөн, башынан өткөргөн окуяларды тез эле унутуп койгону кызык экен. Бирок биздин эсибизден чыга элек.

Ошол каргашалуу 2010- жылы, июнь окуясында Исмаил Исаков менен Бекназаров аябай майрамдашкан, юбилейден кийин түштүккө барышкан.

Бул эки "эргулду" Фурхат айылында Алайдан келген жигиттер ташбараңга алып кубалап, экөө болсо, ыштандарын толтурушуп, артын караганга да акыбалдары келбей вертолетко түшүп качып кетишкен.

Ошондо Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков бул эки шор тумшукту ташбараңдан сактап калганын Исаков унутуп калган окшойт?

Исмаил Исаковдо кыпындай адамгерчилик болсо, Ташиевдин этегине намаз окуп, Ташиевге баш көтөрүп сүйлөбөй, энеден экинчи жолу туулганын эстеп жүрүшү керек эле.

Эгер Ташиев менен Келдибеков болбогондо, Исаков Фурхат айылында таштын түбүндө калып кетип, бүгүнкү күндө дал ошол жерде Исаковдун эстелиги турмак соксоюп.

А түгүл баатыр деп да аталып жүрмөк атамбаевчилер үчүн.

Бирок Фурхат айылына тургузулган эстеликке ким барып бул генералды эскермек эле? "Давно позабыто" болмок.

Шамурза Борукулов