Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 977

Журналист Шамурза Борукулов соцтармактагы баракчасына Исмаил Исаковдун жакында маалымат каражаттарынын бирине берген маеги тууралуу пикирин жазды: 

- Эки генерал. Экөө тең кыргыздын уулдары. Бирок Кадыржан Батыровго сатылган акмак-генерал менен элдик генералды кантип салыштырып болсун?

Камчыбек Кыдыршаевич тууралуу дайым эле жазып келебиз, анын ким экенин жакшы билебиз. Ошондуктан Ташиев тууралуу жазбай эле, артынан шакмарлары ага берип, жууса кеткис болуп катып калган, анысын сезбей акыркы күндөрдө Ташиевге карай "үрүп" жүргөн Исмаил Исаков тууралуу айтайын.

Акаевдин маалында элге кылган эч бир эмгеги жок, Майрамдын элегинен өтүп генерал наамга ээ болгон Исмаил Исаков дайыма катындардын юбкасына бекинип иш кылып келет.

Генерал деген наамга таптакыр татыксыз, майдаланып сүйлөгөн, өз алдынча бир да маселе чече албай, ар дайым бирөөнүн, болгондо да катындардын жетегинде келген бул генерал сөрөйдүн кылмыштары бир нар төөгө жүк болот.

Башканы айтпаганда да, Отунбаеванын буйругу менен, түштүк элинин канын суудай агызган сепаратист Кадыржан Батыровду бир үйүр шайкаларын кошуп өлкөдөн узатып койгону, Батукаевди чыгарган Атамбаевдин кылмышынан ашып түшөт. Себеби, бул жерде кылмышкерлердин тобун узатып жатпайбы. Кадыржан Батыров өз оозу менен айтып жатат: "Исаков бизди узатып койгон", - деп.

Кыргыз элине карата кылган ушундай кыянаттыгынан кийин, бул генерал сөрөйдүн элдик баатыр Ташиевге карегин көтөрүп тике караганга акысы барбы?

Өзү түштүктөн болуп туруп, болгондо да Алайдын кулуну экенине карабастан, 2010-жылы 10-июнь күнү түштүккө, кан күйүп жаткан жерге жетип баргандын ордуна, өзүнө окшогон УӨтүн шакалдарын топтоп, 60 жылдык юбилейин тойлогон.

Алайды баса айтканымдын себеби, түштүктө болгон эки жолку согушта тең Алайдын азаматтары чоң эрдиктерди көрсөтүшүп, Оштун бүтүндүгүн сактап калышкан.

Ал эми Исмаил Исаковдун көңүлүнө юбилей батып, тамагынан оокат менен арак кантип өттү экен деп дайыма ойлой берем.

Ташиев ден соолугун көрсөтөйүн деп Германияга жетип-жете электе Баткенде согуш чыгып кетип, ден соолугуна да карабай ошол замат жетип келбеди беле.

Болбосо Ташиевдин ден соолугу аябай эле начарлап кеткени, бул жакта турган бизге сезилип эле турган. Мурдагыдай өктөм сүйлөй албай үнү буулуп, өңү-башы карайып, баягы баатыр азаматтын жүрүм-туруму болбой калган болчу.

Эми ушул эки генералды салыштырып болобу?

Мен Исмаил Исаковдун интервьюсун угуп олтуруп, анын өтө майда, тантык адам экенине 100 пайыз көзүм жетти.

Ал айтып жатат: "Сепаратист Салахидиновду Өзбекстанда жүрөт деп айтып, коңшу өлкө менен мамилени бузушат", - дейт.

Бир эле Салахиддинов эмес, анда башка Абдуллаева дегендердин баары коңшу Өзбекстанда эле жүрүшөт.

Исмаил Исаков Отунбаева экөө сепаратисттерди Өзбекстанга узатып койгондо мамиле бузулбай, эми биз айтып койсок Мирзиёев таарынып калабы?

Албетте, дайыма катындардан кеңеш алып: Майрам, Отунбаева, мүмкүн Раисалар менен сырдашып жүрсө, Исамил Исаков майда болбой мен майдаланайынбы?

Анысын билбей Ташиевдин огородуна таш ыргытып коет, байкуш генерал.