Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Исмаил Исаков кайрадан азыркы бийликти сындап чыкты. Бул багытта биз КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылдык.

- Камчыбек Кыдыршаевич, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Исмаил Исаков кайрадан сиздин жана президент Садыр Жапаровдун ишмердигине сын айтып чыкты. Буга эмне деп жооп айтасыз?

- Жеке мен буга окшогон сын пикирлерге терикпей деле калдым. Ошентсе да, белгилеп коёюн, кандай гана сын пикир болбосун, мыйзам чегинде айтылса, жакшы көрүнүш, бул жумушубуздун алдыга жылышына өбөлгө болот, колдойм. Кандай гана сын болбосун, ал тийиштүү, өз орду менен айтылса, кабыл алабыз, ошого жараша жумушубузду оңдойбуз. Бирок ошол эле кезде ал сөздөр коомдук саясий кырдаалды курчутууга, б.а. бузукулук максатында айтыла турган болсо, буга мыйзам алдында жооп берет!

Жеке Исмаил Исаков боюнча айта турган болсом, анын ушинтип кез кезде сүйлөп турганы өзүнүн ден соолугуна пайдалуу. Ансыз деле жашы бир топко барып, элибиздин аксакалы болуп калбадыбы...