Коомдук ишмер, профессор Автандил Арабаев УКМК төрагасы К.Ташиевдин оппозиция өкүлдөрүнө кайрылуусу боюнча өз пикирин айтты.
- Демократиялык коомдо, албетте, оппозиция болуш керек. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андан калса, сөз эркиндиги, саясий плюрализм демократиянын көрсөткүчтөрү катары таанылат.
Бирок коом оппозициядан эмнелерди күтөт?
Биринчи кезекте өлкөнүн өнүгүүсүнүн алтернативдүү жолдорун, программаларын күтөт. Ошондо оппозициядагы саясатчылардын аракеттери коом тарабынан позитивдүү бааланат. Ал эми оппозициячылар «бул бийликти кетиребиз», «элди көтөрөбүз», «революция жасайбыз» деген жолго түшүп алышса, аларды тартипке чакыруу, өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү укук коргоо органдарынын түздөн-түз милдети болуп саналат.
Менимче, Камчыбек Ташиев элдин тынчтыгына жана мамлекеттин коопсуздугуна залал келтирчү мындай терс көрүнүштөргө азыркы бийлик жол бербей тургандыгын ачык жана так айтып чыкты. Ал УКМК жетекчиси катары да, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары катары да өз ишин так аткарып жатат. Албетте, К.Ташиевдин эскертүүсүн жалгыз эле анын эмес, жалпы өкмөттүн позициясы деп билүүбүз керек.
Буга чейин да Президентибиз Садыр Жапаров бири-бирибизди курулай сындаганды, бийлик талашканды токтотуп, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баарыбыз жапа тырмак киришели. Болбосо, учурдагы дүйнөлүк геосаясий жана финансылык-экономикалык кризистин таасиринен чыгуу ансыз да кыйынчылыктарды туудуруп жатат деп айтпадыбы беле. Эң туура айткан. Бул мамлекетибиздин бүгүнкү күн тартибинде турган эң актуалдуу маселе.
Чындыгында, азыркы учурдагы «оомал-төкмөл» дүйнөдө Кыргызстаныбыз үчүн чын дилден күйүп-бышкан, Мекенибизди сүйгөн патриотторубуз, саясатчыларыбыз, жалпы эле Кыргыз эли биригип, «бир жеңден кол, бир жакадан баш» чыгарып, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калууга, өз алдынча жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүгө чогуу аракет кылууга милдеттүүбүз.