- Сонунбү эже, президент: “бардык саясий оюндар бүттү. Экономика менен алектенүүгө мезгил келди”- дептир. Айтканына ынансак болобу?
- Адам өзү жаралгандан тирешүүнүн, талашуунун, ач көздүк деген ыпластыктардын булагы сыяктуу күн кечирип, эчен доорлордо башын канжыгага байлашып ушул күнгө чейин жашап келди. Таасир талаш, так талаш ар дайым болуп келген, боло берет.
Саясат жана саясий оюн жок жерде бийлик болбойт. Болгону шайлоолор бир аз болсо да тынып, президентибиз жана депутаттарыбыз шайланып, эл арасындагы ыркырак токтоду деп түшүнсөк болот. Бирок таптакыр саясатты токтотуп, көр оокат менен, курсак тойгузуу менен алек болуу коркунучтуу. Эл башында турган инсанга, айрыкча ушундай “душманың тушуңда, калмагың кашыңда турганда” ар дайым илбирстей сак, алп карагуштай алгыр болуу зарыл.
Бошошуунун, уйкусуроонун эч кандай пайдасы жок. Ар дайым бийликтин өзөгү болгон сергектик иштеп, жүрүп жаткан ишке ким чын ниети менен берилип жатат, ким калп эле аралашып, арамза жүрөт баарын байкап, жүрүп жаткан мамлекеттик машинанын майын текшерип, моторун карап туруу өтө зарыл.
Бир чети саясий оюндар бүттү дегендин өзү да саясат. Садыр Нургожоевичте эч ким байкабаган кылдаттык менен ойноо таланты кудайдан берилген. Кудай буйруп ошол кыргыздын пайдасына иштейт деп туралы. Анча-мынча дүйнөлүк саясатчылардын башы жетпеген ички туюм бар. Ал кыргыздын канында келе жаткан байыркы кырк бир кырлуу илээ.
Илээ - кыргызга гана тиешелүү эч бир элде жок башкаруунун наркы, сыры, айла-амалы. Аман болсун. Иштерине ийгилик каалайм.
- Ажонун “крыша” болгон аткаминерлерге катуу чара көрүлөт дегенине ишенсек болобу?
- Бул опурталдуу чечим. Себеби, ушул кезге чейин крыша болуп жаткан аткаминерлер деги эле ачык крыша болгонун көрө элекпиз. Бул эл ичиндеги билинбеген илдет. “Крыша болуп атасың”- десең танып чыгат. Далилди кармаш да кыйын. Келип-келип эле карапайым эл кароосуз калат. Бул чечим карапайым эл үчүн чыккан чечим. Себеби арызданып барсаң, “Кечиресиз мен бул маселени чече албайм, чечейин десем крыша болуп атат деп айтышат”- деп, кол куушуруп отура беришет. Жыйынтыгында баягы эле крысалар сайран куруп жүрө беришет. Мен бул чечимге каршымын. Бул чечим - эл менен бийликти алыстата турган чечим. Башкачараак болсо болмок. Мисалы, ушул кезге чейин чындык деп чыркырап жүргөндөрдүн колунан эмне келерин байкап көрүү максатында билимине жараша кызмат берип сынап көрүү. Октябрда эл бир адам үчүн эмес, жашоосу жакшырып, өлкө гүлдөйт деген үмүт менен чыкты. Ошондуктан азыркы бийликти колдогон ар бир инсан көңүл бурууга татыктуу.
- Баса, коомчулукта Кичи жана Улуу Памирдин аймагында байырлаган 400 үй-бүлөнү Ооганстандан алып келүү зарылчылыгы айтылууда. Бийликтин 2024-жылга чейин көчүрүп келебиз деп пландаганы туурабы?
- Эл - аккан суу. Ал токтоп калса балырга айланып, саз болуп, эл болуудан калат. Ошондуктан элдин агымы токтобой турганы да ошондон. Ооганстандан келе турган боордошторубуз бир кезде кайтып келсек экен деп аргасыздан кетишкен. Мына ошол ата-апалардын урпактары акыры жетип отурат. Биз кубануу менен кабыл алышыбыз керек. Жакшысын бизге ала келсин, кыргыздын кеткен куту кайрылып келди деп кабыл алалы. Той менен, шаан- шөкөт менен тосуп алалы. Алар да ичи зил болуп, биздин кабак- кашыбызды карап келишет. Алар менен кошо маданиятыбызда, жашоо турмушубузда жаңылануу пайда болот. Алар бизге караганда кыргыздын байыркылыгын сактап, аманат катары тутунуп жүрүшөт. Айрыкча азыр улуу ааламдашуунун туманы каптап турган кезде өзөгүбүзгө кайтуунун бир жылт эткен учкунун ала келет. Бул маселени көтөрүп жаткан Садыр Нургожоевичке терең ыраазычылык. Эл деген чыныгы лидер ушундай болот. Кудайым колдосун.
Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити