- Камчыбек Ташиевдин айтканын ар ким ар кандай жооруп кирди. Бүгүн чын эле бийликке жетпей калган топтор  бийликти алмаштырууну көздөп жатышабы?

-Ташиев мырза адатынча оюн эмоционалдуу айтты. Мындай саясий процесстер бизде токтобой келет. Бир эмес үч жолу көтөрүлүш болуп, жакшы жакка бурулганыбыз байкалбайт. Оппозициябыз деп баягы эле, өткөндө чоң кызматтарда, бийликте жүргөндөр чыгып алыптыр. Аксакалдар убагында эл тарабынан берилген ишенимди акташтыбы? Табигый түрдө муун алмашуусу зарыл, болгону биздин муун билим, тажрыйба топтоп, даярданып, төңкөрүш эмес, мыйзамдуу жол менен бийликке келүүнү ойлойбуз. Биз башаламандыкты токтотуп, жаңы саясий маданиятты калыптандырууга өтүп, чыныгы саясий атаандаштык аркылуу бийлик орноп, өзгөрүү, өнүгүү жолуна бет алуубуз керек.