Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 441

- Камчыбек Ташиевдин маегин ар ким ар кандай кабылдап, бири туура көрсө бири сындап жатат. УКМКнын башчысынын айтканында чындык барбы? Бүгүн чын эле бийликке жетпей калган топтор Кыргызстанга тынчтык каалабай, бийликти алмаштырууну көздөп жатышабы?

- Азыркы мезгилдин талабы - бул темирдей тартип! Коомдо, үй - бүлөдө, мамлекетте болобу тартип керек. Дүйнөлүк саясий, экономикалык кризис, өзгөрүүлөр болуп жатканда, өлкөдө темирдей тартип орнотуш керек. Антпесек мамлекетибизди, элибизди, Украинадагыдай, Украин элиндей абалга салып чоң оюндарга туш келип калышыбыз ыктымал. Ошол абалга келтирбей, элди кыйнабай жашоо түзүүнүн чоң жоопкерчилиги бар. Ал жоопкерчиликти сезип Камчыбек Ташиев кээ бирде эмоцияга алдырып коюп жатат окшойт. Бирок айтканы туура. Эми Кыргызстанда коом ушундай болуп калды - ачык, анан жоопкерчиликсиз -  жөнөкөй жараны дагы, мамлекеттик кызматкери деле. Эркиндикти, сөз эркиндигин, жоопкерчиликти, демократияны туура жагынан түшүнүп, чогуу сабырдуу иш алып барсак, өлкөдө бейпилчиликти орнотсок болот. Мен деле  бийликти сындагым келет, бирок ошол тышкы чоң коркунучтарды билип, унчукпай отурам. Бир эле жол - биригип эки доско жардам беришибиз керек. Кыргыз байыркы баатыр эл. Бийликтен коркпой, адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты алдыга койгон элбиз. Ушул сакталбаса, эл бийликке сын айтат, муну кадыресе көрүнүш катары кабыл алыш керек. Өлкөдө бийликке барам дегендер да аз эмес. Муну да эске алыш керек.