Камчыбек Ташиев УКМКнын башчысы болгондуктан, анын айткандарында чындык бар. Мындай пикирин сүрөтчү Асан Турсункулов билдирди.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев "Саясат. kg" маалымат порталына берген маегинде "жазда, күздө революция болот деп кыйыткан" оппозиция өкүлдөрүнүн өлкөгө башаламандыкты орнотуу ниети болсо, катуу чара көрүлөөрүн эскерткен.
- Эгер Камчыбек Ташиев айтса кандайдыр бир чындыгы бар көрүнөт. Ал жигит мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысы. Ошондуктан бардык маалымат анда бар. Бийликке жетпей калып ызырынып, революция кылып жиберсек дегендер да көп болот бизде...Азыр революция кыла тургандай шек же оор абал жок. Бийлик эл менен иштеп жатат. Айлыктарды көтөрүп айтор, колдон келгенин жасап жатышат. Жолдон чыга калып эле айкырып кыйкыра бербей, колдон келсе колдоп туралы, - деди Асан Турсункулов.