Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 136

Түрмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунда сөз сүйлөдү. Анда Бердымухамедов аймактагы өлкөлөрдүн ички саясий абалын туруксуздаштырууга сырттан аракеттер жасалып жатышы мүмкүндүгүн белгиледи. 

Ал сырткы күчтөрдүн аракетин чечкиндүүлүк жана биримдик менен жеңсе болоорун айтты. 

"Коопсуздуктун бекем системасы болушу зарыл. Аймак стабилдүүлүктүн жана ишенимдин чөлкөмү бойдон калышы үчүн биргеликте аракеттенишибиз керек. Саясий-дипломатиялык мамилелерди чыңдоо максатка ылайыктуу. Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга объективдүү анализ зарыл", - деди түркмөн президенти. 

Ал ошондой эле, коопсуздукту сактоого аракеттерди бириктирүү үчүн Тышкы иштер министрликтерине коопсуздукту сактоо боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн эки жылдык мөөнөт менен жол картасын иштеп чыгууну тапшырууну сунуштады. Андан сырткары, улуттар аралык байланыштуу бекемдөөнү, ММКлардын катышуусунда медиафорум өткөрүүнү да сунуштады.