- Каныбек агай, тынбай эле жолугушууларды уюштуруп жатасыз. Аймактарда тилдин абалы кандай экен? Документтерди кыргыз тилине өткөрүүгө даяр бекен?
- Ооба, мен жетектеген Улуттук тил, тилдер саясаты комиссиясынын тиешелеш кызматкерлери менен Кыргызстандын бардык облустарын түрө кыдырып чыктык. Бул иш чарабыз үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде кабыл алынган Министрлер кабинетинин протоколдук тапшырмасын аткаруу алкагында уюштурулду. Ал документке ылайык Кыргыз Республикасынын министрликтери жана админстрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин админстрациясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 2022-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдардын документ жүгүртүүсүн мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасы катуу берилген. Ошондуктан биз 21-июндан 13-июлга чейин бир нече министрликтерди жана 7 облус менен катар эле Ош жана Бишкек мэрияларындагы иш-кагаздардын мамлекеттик тилдеги абалдары менен жеринен таанышып чыктык. Иш графиктерибиз абдан тыгыз болду. Алардын ар биринде менин кеңири докладым окулду. Жарыш сөздөр уюштурулду. Мындан сырткары, биздин "Кыргызтест" мекемебиздин кеңири баяндамалары угулду. "Жасалма интеллект жана мамлекеттик тил " боюнча биздин буйрутмабызды аткарып жаткан "Улутсофт" мекемесининин дагы презентациясын берип жаттык. Эл жакшы кабыл алды. Максатыбыз - эне тилибизди санариптик, электрондук технологиялар алкагында чагылдыруу жана жасалма интеллекттин тилинде сүйлөтүү аракеттери эле. Мындан сырткары, баардык жерлерде мамлекеттик жана жеке менчик дагы мекемелердеги документтерди мамлекеттик тилде жүгүртүүнүн абалын тыкыр текшердик жана өзүбүздүн кызматкерлер аркылуу усулдук жардамдарды, консультацияларды берип жаттык. Аймактарда тилдин абалы жакшыдай эле көрүнөт. Бирок, сезилээрлик эле көйгөлөр дагы жок эмес! Мисалы, жасалган документтердин сапаты жана сабаттуулугу аксайт. Жогорку мамлекеттик органдардын аймактарга жиберген документтеринин 70% га жакыны расмий тилде түшөөрүн көрдүк. Бул өтө жагымсыз көрүнүш. Президент Садыр Жапаровдун 14-июлда мага оозеки берген катуу тапшырмасына ылайык эми ошол жогорку органдардагы абалды катуу текшеребиз! Бул жерде эч кандай кайдыгерликке жана мыйзамды бузууларга жол бербешибиз керек! Азыр биринчи орунга Мамлекеттик тилибиздин тагдыры чыгып отурат! Чечкиндүү аракеттер али алдыда!
- Каныбек агай, билим берүү тармагын илгиртпей түшүнгөн адамсыз. Жаңы окуу жылын утурлай мектепти узак мөөнөткө башкарган директорлор кызматынан кетет экен. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?
- Акыркы 31 жылда мектеп саясатын өз менчигине айлантып алган директорлордун күнөөсү адам чыдагыс. Алар эң чоң кылмыш кылышты. Өлкөбүздүн келечегине балта чабышты Билим берүү процессиндеги эки эле субьект болгон мугалим менен окуучуну өздөрүнүн кулуна айлантып алышты. Мындай күнөө сөзсүз жазаланашы керек. Эми ушуну дагы баш аламандыкка айлантып жиберишпесе болду, мен ишенбей турам. Билим берүү министрлигинин азыркы мажирөө саясаты дагы бир чоң кылмышка алып бара жатат.
- Баса, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткандай - Жалал-Абад экономикалык борбор боло алабы?
- Дүйнөлүк тажрыйбада ийгиликтүү өлкөлөр өздөрүнүн экономикалык саясаттарын өз аймактарына тегиз тартипте жүргүзүп келишет! Бул туура саясат. Акылбек Жапаровду мен түшүнүп эле турам. Кечээги жарым жылдык отчётто ушуну айтты. Эми бир нече аргументтерди келтирбедиби? Мунусу туура! Эми ушуну иш жүзүнө аткарып жиберишсе жакшы болмок! Жалал-Абад аурасы укмуш көтөрүңкү өрөөн! Ал ыйык жер! Убагында кыргыздын кыйын болумуштары, хандарынын сөөктөрүн так ушул Жалал-Абадка алып барып жерге беришкен! Бул улуу тарых! Эгерде ушул жөрөлгө дагы ишке аша баштаган болсо, анда бизди аталардын руху колдойт! Экинчи экономикалык борбор деген чакырыктын түбөлүктүүлүгү күч деп айтаар элем!
- Айтмакчы, 2024-жылга чейин Кичи жана Улуу Памирдин аймагынан 1,5 миң этникалык кыргызды Ооганстандан алып келүү пландалып жатыптыр. Бир боорлорубузга жан тарткан туура кадамбы же чекиликпи?
- Этникалык кыргыздарды Кыргызстаныбызга алып келүү аракеттери өз убагында атайын кабыл алынган “Кайрылмандар жөнүндөгү” мыйзам менен ырасталган. Бул иш-чаралар эл аралык дипломатияны аяр жана чебер сактоо аркылуу гана иш жүзүнө ашырылуулары абзел!
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити