Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 178

Камчыбек Ташиев улуттун коопсуздугуна жоопкер милдетти аркалап жатат, демек, өлкөнүн стабилдүүлүгүн бузууну каалагандарга чара көрүшү керек. Мындай пикирин журналист Дайырбек Орунбеков билдирди. 

Эске салсак, УКМК төрагасы "Саясат. kg" маалымат порталына берген маегинде революция жасоого аракеттенип, элдин тынчтыгын бузгандарга катуу чара көрөөрүн эскерткен. 

"Ал киши эмоционалдуу, оюндагысын жашырбай айтып салмайы бар. Башкаларга окшоп ичинде ит өлүп жатса, сыртынан сыпайы маданият күтүп жылмалаӊдабайт.

Ар нерсенин кожоюну бар. Жумуртка басып жаткан тоок дагы алдындагы жумурткаларын коргойт, керек болсо ит дагы уясына жакын жолотпойт. Ал эми мамлекеттин дагы кожоюну болуш керекпи? Качанкыга чейин элибиз бийликти күч менен тартып алабыз деген арам ойлуулардын оюнчугу болуп жүрө бериш керек?! Мамлекет башаламандык чыгаргандардын, бийлик басып алуулардын сыноосун өткөрө бергидей полигон эмес го? Камчыбек Ташиев улуттун коопсуздугуна жоопкер милдетти аркалап жатат. Дайым эле жумурткадан кыр издебей, тынчтыкка, бакубатчылыкка, коопсуздукка, туруктуулукка дагы тилектеш бололу!

Улам төӊкөрүш кылып, өрттөп, талап, адам каны төгүлүп, жаӊжалдашып жатып эмне муратка жеттик? Элдин тынчтыгын бузам дегендер болсо, алардын күлүн көккө сапырып жиберген - мамлекеттик түзүлүш үчүн маанилүү", - деди Орунбеков.

Ошондой эле, ал УКМК төрагасынын билдирүүсүн батышка ыктагандар катуу талкууга алып жатышканын белгиледи:

"Силер үлгү кылган Америкада дагы мамлекеттин тынчтыгына шек келтиргендердин күлүн көккө сапырып жиберишет. Кошуна Өзбекстандын өнүгүп жатканына суктанып жатабыз, аларда дагы темирдей тартип бар, бир кезде башаламандык кылабыз дегендердин “күлүн көккө сапырып” жиберишкен. Башкаларды сөз кылып суктанганда шилекейибиз куюлат, анан өзүбүз дайым эле талкуу кылган сөзүбүз “жазда бийлик алмашат окшойт, күздө бирдеме болот окшойт” дейбиз".