Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1326

УКМК төрагасы учурда өлкөдөгү саясий абалга туура баа берүүдө деп эсептейт саясат талдоочу Марс Сариев.

Камчыбек Ташиев “Саясат. kg” маалымат порталына берген маегинде өлкөдөгү абалды туруксуздаштырып, революция жасоону ниеттенгендерге катуу чара көрүлөөрүн билдирген.  

“Катуу чара көрүү менимче, туура. Себеби, акыркы учурда социалдык тармактар аркылуу кийинки революцияга чакырган маалыматтар көбөйө баштады. Азыркы бийликтин абройун түшүрүп, эл менен бийликти карама каршы коюуга аракеттенгендер да көбөйдү. Ошондуктан, коркунуч бар. Өлкөнүн ичиндеги дагы, сыртында дагы азыркы бийликти алмаштырып, ордуна башканы алып келүүнү каалаган глобалдуу “игроктор” болушу мүмкүн. Байкасак, бир жылдын ичинде Орто Азия өлкөлөрүндө толкундоолор орун алды. Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда... Бир гана Түркмөнстан тынч. Анткени, ал жакта башынан мурдагы президент оппозицияны такыр жок кылып, уулуна бийликти тазалап өткөрүп берген. Ошондо, Кыргызстан калды. Ташиев жөн жерден айткан жок. Чынында коркунуч бар”, - деди Марс Сариев.

Ошондой эле, саясат талдоочу дүйнөлүк кризистин кыргызстандыктардын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизип жатканын жана аны бийликти алмаштырууну каалагандар өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракеттенээрин белгиледи.

“Учурда бир гана бизде эмес, дүйнөдө социалдык-экономикалык кырдаал күч.  Бул дүйнөлүк кризистин кесепети. Дүйнө кабылган кыйынчылыктан Кыргызстан четтеп өтө албайт. Бирок так ушул нерсени бийликти алмаштырууну көздөгөндөр пайдаланышы мүмкүн. Революциялар элдин жакырланышынан улам болот. Өзүбүздүн бийликтен четтеп, ресурсу жок калган күчтөр, үчүнчү күчтөр дагы  кризистен кыйналган элди бийликке тукурат. Ошондуктан, бийлик элдин социалдык шартын жакшыртууга көбүрөөк басым жасашы керек”, - деди Марс Сариев.